“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу айылынын Умай энеси Бүбүкан Айбашова

23 Апрель 2016 жыл 11:15
Көрүүлөрдүн саны: 124

Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Бүбүкан Айбашова үч жылдан ымыркайларды эмдейт. Айылдын жаш энелери Бүбүкан апанын үйүн жакшы билишет, ага коңшу айылдардан келип кайрылгандар да бар.

bubukanapa (1)

Бүбүкан апа учурда 80 жашта жана тогуз баланын энеси. Ал 3-4 жылдан бери ооруган ымыркайларды, жаш балдарды, боюнда бар аялдарды эмдеп, дарылап келе жатат.

Кызыл-Туунун Умай энеси Бүбүкан апага чочугандар, корккондор, жүрөгү түшкөндөр көбүрөөк кайрылышат.

bubukanapa (2)

«Бир-эки жолу балдарды ырымдап койгом, ошондон кийин балдарын алып келе башташты. Бысмылла, токто жүрөк, токто жүрөк, балдар оорубасын», —  деп дарылайм дейт Бүбүкан Айбашова.

Айыл тургуну Айпери Эрмек кызынын баласы учурда бир жашта. Баласы төрөлгөндөн баштап эле Бүбүкан апага кайрылып келе жатканын айтат.

bubukanapa (3)

«Киринелеп калса, түнү менен ыйлап чыкса, жүрөгү түшүп калса апага барабыз. Бизге доктор деле кереги жок болуп калды. Барганда өзүнүн эгиз баласынын бирөөсүнүн макисин алып, баланын жүрөк жагына коюп, сүрөөлөрдү айтып, жүрөгүнүн көтөрүп, бетине түкүрүп коёт. Ошону менен жакшы болуп калды балам«, — деп айтып берди Эрмек кызы.

Кызыл-Туу айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Айнагүл Тентимишова эл медициналык текшерүүдөн өтүшү керектигин айтат.

IMG_8302

«Эгер бир оорулуу келсе, элдик дарыгерге бар деп айтпайм», — деп билдирди Тентимишова.

Даярдагандар: Анара Уметбекова, Ыймангүл Октябрь кызы, Ислам Мирлан уулу