Сокулук районунундагы Токбай айылынын Исмаил көчөсүндө 120 адам бата турган жаӊы мечит салынып жатат. Тургундардын айтымында, мечитке кеткен каражатты арабдар каржылаган.
Мечит курулушу 2016-жылдын 15-мартынан башталган. Токбай айылынын тургуну Абдужалил Жапар уулу мечиттин жоопкерчиликтүү адамы болуп эсептелет. Айыл тургундары мечиттин салынышына оң көз карашта экенин айтат.

«Мечитти орозо убагына чейин бүтүрүүгө аракет кылабыз. Мечит кооздукка салынбайт, мечитте ибадат кылыш керек», — дейт Жапар уулу.
Айылдын дагы бир тургуну Гүлсара Расбердиева жаӊы курулуп жаткан мечитке көмөк көрсөтүп, көп болбосо да акча чогултуп бергендигин билдирди.

«Эртеӊ мененки азан айылдагы тургундарга эч кандай тоскоолдук алып келбейт деп ойлойм. Анткени таӊкы азан айыл тургундарынын аруу сезимин ойготот», — дейт Расбердиева
Токбай айылынын жашоочусу Мирлан Жапарбеков башында долбоор жазылып атканда жер тилкеси боюнча суроолор жаралганын айтып өттү.

«Участок табылбай инимдин участогун мечиттин салынышына ылайыктуу дегенинен иним өзүнүн жер тилкесин мечитке берди», — деп айтты Жапарбеков.

Айыл тургундары мечит мурдатан эле салынса жакшы болмок дешет. Анткени буга чейин алар коңшу айылдардын мечиттерине барып намаз окушчу.
Даярдагандар: Раушан Дуйшеева, Ислам Мирлан уулу