Кызыл-Туу айылында С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Жер планетасын сактайлы» аттуу акциясы өттү. Акцияга мектеп мугалимдери, «Жаш натуралистер» ийрими, ата-энелер, шериктеш уюмдар, окуучулар катышты.
Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде Бүткүл Дүйнөлүк Жер күнүнө карата «Жер планетасын сактайлы!» акциясы өткөрүлдү. Бешинчи, жетинчи,сегизинчи,тогузунчу класстын окуучулары экология, тазалык, таштандылар темада даярдаган маалыматтарды айтып беришти.

Андан тышкары театралдаштырылган экологиялык көрсөтүү болду.


«Жаш натуралисттер» ийириминин жетекчиси Динара Сарбашова айылдык мектебинде этноботаникалык бакча жана мөмөлүү дарактарды отургузуу иштери жөнүндө кыскача маалымат берди. Ийримдин мүчөлөрү дары чөптөрдү колдонуу жолдору боюнча мастер-класстарды көрсөтүштү.


«Туруктуу Өнүгүү Стратегиялык Институт» коомдук фондунун кеӊешчиси Кубаныч Тагаев биоартүрдүүлүктү илгерилетүү багыты жөнүндө айтып берип, презентациясын тартуулады.

Иш чаранын алкагында окуучулардын колу менен жасалган буюмдардын жана дары чөптөр көргөзмөсү уюштурулду.

Тереӊ экологиялык билим алып, табиятка болгон мамилени өзгөртүп, жер планетаны сактап калалы деген ойдо акция жыйынтыкталды.
Даярдагандар: Анара Уметбекова, Ислам Мирлан уулу, Сымбат Осмонова, Ыймангүл Октябрь кызы