“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу айылында жамааттык мультимедиа борбор ачылды

7 Май 2016 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны: 122

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде жааматтык мультимедиалык борбору ачылды. Борборго жергиликтүү калк Көнөк баатырдын ысымын ыйгарышты.

Кызыл-Туу айылында Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде жааматтык мультимедиалык борбору ачылды. Борборго жергиликтүү калк Көнөк баатырдын ысымын ыйгарышты.

Борбордун ачылышына шериктеш уюмдар, ата-энелер, мектептин кызматкерлери, «Жаш натуралист» ийрими жана окуучулар катышты.

borborachylysh (2)

Ата-энелер комитетинин төрайымы Калипа апа мультимедиа борбору бул мектеп окуучулар үчүн жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү алып келээрин айттып,  өз батасын берди.

borborachylysh (3)

Мектеп директору Ирина Джолдошова мектептин материалдык-техникалык базасы камсыздалганын белгиледи, «ИСУР» коомдук фондуна, «Аманат-Өмүр» коомдук фондуна ыраазычылыгын билдирип, аймакмактын кабарчыларга чыгармачылык ийгилик каалады.

borborachylysh (4)

«Көнөк» жамааттык мультимедиа борбору «Кызыл-Туу айылындагы жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүдө биомаданий ар түрдүүлүктүн мааниси жана орду» долбоорунун алкагында ачылды. Бул долбоор «ИСУР» коомдук фонду, Кристенсен Фонду тарабынан каржыланды.

borborachylysh (1)

Даярдагандар: Анара Уметбекова, Жоомарт Коргонбаев, Ислам Мирлан уулу, Сымбат Осмонова.