Кызыл-Туу айыл өкмөтү айылдагы 4 мектептин мугалимдер арасында «Жылдын мыкты мугалими» кароо сынагы өттү. Ага С.Абдылдаева атындагы орто мектебинен башталгыч класстын мугалими Алымбүбү Исмаилова катышты.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Нурмамбетовдун демилгеси менен жыл сайын айылдагы 4 мектептин мугалимдер арасында «Жылдын мыкты мугалими» кароо сынагын өткөрөт.
Быйылкы окуу жылында кароо сынакка башталгыч класстын мугалими Алымбүбү Исмаилова катышып, «Тарых жана маданият» жылына карата тарбиялык саат өттү.

Ачык сабакка 4 мектептин алдыӊкы мугалимдери жана айыл кеӊешинин төрөгасы Молдобачаев Р.М, айыл кеӊешинин жооптуу катчысы Чоноева В.Ч, айыл өкмөттүн башкы адиси Молбашев Ж. катышышты.

Алымбүбү Исмаилова «Тарыхы болбой, эл болбойт»деген темада тарбиялык саат өтүп, балдарды мекенди сүйүүгө жана таанып билүүгө чакырды.
«Быйыл тарых жана маданият жылы болгондуктан окуучуларды ата-бабадан бери келе жаткан тарыхыбызды, маданиятыбызды таанып билүүгө, жүрөгү менен сезип туюуга, тарыхта калган улуу инсандардын эмгегин, эрдиктерин эстеп жүрүүгө тарбиялоо негизги максатым болду», — деп айтты Исмаилова.

Сабакта азыркы учурга ылайык инновациялык ыкмалар колдонулду. Окуучулар кызыгуу менен аралашып, болуп жаткан окуядай өздөрүн эркин алып отурушкандай сезилди.
Окуучулар сабакта толкунданганын айтышып, сынактан жеӊип чыгууга аракеттенишкенин айтып кетишти.

«Биздин балдар тентек кылып, чектен ашып, утулуп калабызбы деген ойго түштүм», — дейт 4-А класстын окуучусу Сезим Жумакадырова.

Айта кетсек, 2014-2015 окуу жылында С.Абдылдаева атындагы орто мектебинин тарбия бөлүмүнүн башчысы Динара Сарбашова айылдын «жылдын мыкты мугалими»деген наамга жана айыл өкмөтүнүн 20 миӊ сом байгесине ээ болгон.
Даярдаган: Раушан Дуйшеева