“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу айылында кулпунай бышууда

20 Май 2016 жыл 10:52
Көрүүлөрдүн саны: 101

Кызыл-Туу  айылынын тургуну Абай  Өмүркулов кулпунай, малина, арпа  өстүрүү менен алектенет. Кулпунайды негизинен күнүмдук турмушта базарга алып чыгып сатат.

Кызыл-Туу айылынын тургуну Абай Өмүркулов  кулпунайды үч жылдан бери өстүрөт. Анын айтуусу боюнча 25 сотых жерден сезонунда 70-80 чака түшүм берет. Жер жемишти үч жылда  бирден жер которуп алмаштырып туруш керек. Дыйкан кулпунайды Кыргызстандын эле базарларына чыгарбай чет өлкөгө  да жиберет.

klubnika3

«Жазында ден-соолука зыяндуу химикатарды колдонбой таза табигый жер семирткичтерди колдонобуз»,  — дейт Өмүркулов.

Кулпунайды  өстүрүүдө отоо чөбүн,  мурутчаларын  үзүп тазалаш керек. Кулпунай мөмөсүн кар түшкөнгө чейин берет. Кышкыга даярдаштын кереги жок.  Жазында суюлтуп, түбүн жумшартып коюш керек. Айына 3-4 жолу сугарылат.

klubnika1

Тапкан каражатына үй-бүлөөсүн каржылайт. «Башка жер жемиштер быша электе кымбат сатабыз.  Жайында арзандап кетет», — деп айтты   Өмүркулов.

klubnika2

Кулпунай элдик медицинада жүрөк ооруга, жалбырагы кан тазалагыч болуп эсептелинет.

Даярдаган: Нуриза Кубатбек кызы, Анара Уметбекова, Ислам Мирлан уулу, Жоомарт Коргонбаев.