“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

«Ыйык Руху» уюму — Кызыл-Туу айылынын реабилитация борбору

27 Октябрь 2016 жыл 14:22
Көрүүлөрдүн саны: 211

«Ыйык Руху»  уюму Кызыл-Туу айылынын реабилитация борбору болуп калган. Уюмга 12 жылдын ичинде оор абалдагы адамдар кайрылып кетишет.

 «Ыйык-Руху» уюму 12 жыл мурун уюштурулган. Бүгүнкү күнгө чейин 300 дөй киши  кабыл алынды. Алар ичимдике берилгендер, үйлөрүнөн ажырагандар, ажырашкандар,туугандары кууп жибергендер. Алардын ичинен 60-70 % оӊолуп кетти.

Исманалиев  Муса «Ыйык Руху» уюмунун жетекчиси жана уюштуруучусу. Өз убагында жумуштан ажырап, ачууну ачуу басат деп ичимдике берилип кеткен.

20161020_142427

«Иштебей калганыма ачуум келип, ызаланып арак ичип баштагам. Ичимдике аябай берилип кетип, мен алкаш эмесмин деп жүрө бергем. Уруш,  чыр-чатак, үй-бүлөдө тынчтык жоголуп, балдарым ыйлап, жаман абалга туш келгенбиз. Ошондо  өзүм да чыдабай үйдөн чыгып кеткем. Эки жыл бою көчөмө көчө жүрдүм», — дейт Муса Исманалиев.

Акырында Казакстанга турмушка чыккан кызы атасына тойдон боорсок, таттуу салбастан, ал жактан балык жиберет. Балыкты көрүп, кызын элестетип, кучактап өбүп отуруп калат.  Балдарынын келечегин ойлоп өзүнүн жашоосун колуна алат.

Жашоосун өзгөртүп өзүнө окшоп көчөдө жүргөндөрдү ойлонуп баштайт.  «Мен буларга жардам беришим керек» деп «Ыйык Руху» уюмун уюштурат.

20161020_143931

Бул уюмга  кайрылгандардын өз  күчүн эмгеке жумшаганды, тазалыкты кармаганды, башка адамдарга жылуу мамиле жасаганды үйрөтүшөт. Ичимдик жана тамекиге тыюу салынган. Өздөрүнө тамак бышырып, нан жасашат.

20161020_143708

«Кардарларды коркутуп эмес, сүйүү менен айыктырганга аракет кылабыз. Өзүмдүн жашоомдун бир бөлүгүн, башкалардын тагдырын, үй-бүлүсүнүн кыйынчылыктарын айтып сабак өтүп, түшүндүрүү иштерин өткөрөм» — дейт Муса Исманалиев.

Мындан тышкары «Ыйык Руху» уюму башка уюмдар менен достошуп, Кызыл Туу айылынын тургундарына жардамын көрсөтүп келет. Муса Исманалиев жубайы менен бирге айылдын активдүү жарандары. Алар көптөгөн иш чараларда Кызыл-Туу айылынын наамынын талашып келишет.

«Менден көп сурашат. Кантип ушул уюмду ачтыӊар? Башында өз күчүбүз менен аракеттенип, анан спонсорлор кызыгышып,   ушул үйдү сатып алганга жардам беришти. Көптөгөн жарандар келишип колунан келишинче жардам берип кетишет», — дейт уюмдун жетекчиси.

20161020_145005

Кардарлардын бири Курсант бул уюм жөнүндө телевизордон көрүп, элдерден сураштырып келген. Келгенине 1 жыл болуп калды.

«Менин атым Курсант. Азыр 47 жаштамын. Аялым Москва шаарына кеткенден кийин, ичимдике берилип кеткем. Бул жака келгенден кийин ичпей, чекпей калдым. «Силерди сагынып калдым» деп Муса байке келип калат. Башка адам сага көӊүл буруп турса, жылуу кабыл алынат экен», — дейт кардар.

20161020_143420

Ушул үйдө жашагандар дайыма эмгектенишип турушат. Азыркы учурда кышкыга даярдык көрүп жатышат.

20161020_144238

Даярдагандар: Сымбат Осмонова, Анара Уметбекова, Нуриза Кубатбек кызы.