“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтүнүн айыл башчысы эки жолу шайланбай калды.

6 Март 2017 жыл 16:08
Көрүүлөрдүн саны: 80

Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл Туу айылдык кеңешинин отуруму болуп ɵттү. Күн тартибинде Кызыл Туу айыл башчысын шайлоо маселеси каралды.  Отурумга 21 депутат катышты.

Февраль айында Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталды. Алар Нурманбетов Замир жана Нур Ахматчаев. Эки талапкер ɵздɵрүнүн программалары менен депуттарды тааныштырышты. Депутаттар талапкерлерге добуш беришти.2 талапкер 10-10дон добуш алышып. Ошентип айыл башчы шайланбай калды.

Экинчи шайлоодо 3 талапкер айыл башчылыкка талапкерлигин коюшту. Алар Кулов Токтосун, Абдылдаев Улан жана Намасалиев Нурлан.

Бул отурумда 3 талапкер  жергиликтүү депуттарды ɵз программалары менен тааныштырышты. Добуш жетишсиздигине байланыштуу,  бул отурумда да айыл башчы шайланбай калган.

 

Даярдагандар: Дуйшеева Раушан  Нуриза Кубатбек кызы