“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу: Ата-Мекенди коргоо күнү

14 Март 2017 жыл 14:34
Көрүүлөрдүн саны: 128

Ата-Мекенди коргоо күнүнɵ карата Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Ата-Мекенди коргоо биздин милдетибиз» атту кече болуп ɵткɵн.IMG_0400

Иш-чарага Ооган согушунун  ардагерлери, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Бул иш-чара мектеп окуучуларын Ооган согушунун ардегерлеринин жана Баткен согушунун баатырынын мисалында патриоттуулукка тарбиялоо жана  эл жерин коргоого даяр болууга чакырып үйрɵттү.

Уюштуручуулардын бири Бурул Райкеева айтусуу боюнча бул иш чара балдарды эрдикке, күчтүлүүккɵ,  ата-мекенин сүйүүгɵ жана коргоого үйрɵтүү болуп эсептелинет.

Мектеп окуучулары концерт уюштуруп, келген меймандарга оюн-зоок программасын тартуулашты.fevrali

Биялиев Авахан Бурканович Ооган согушунун ардагерлеринин атынан  мектеп жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Ак жүрɵгүңɵрдɵн уюштурган майрамыңыздар үчүн рахмат.  Келечегиңер кең болсун, ар дайым күлүп жадырап жайнап жүргүлɵ. Кыргызстаныбызда дайыма тынчтык болсун, согуштан алыс бололу», — деди А.Биялиев.

 

Даярдагандар: Чолпонбаева Нурайым, Дуйшеева Раушан.