Кайрылуучу адам: Саадаш Абдылдаева орто мектебинин директору Джолдошева Ирина Темирбековна
Дареги: Кызыл- Туу айыл аймагы, Кызыл — Туу айылы, Саадаш Абдылдаева орто мектеби
Телефон номери: 0708 94 50 79
ПРЕСС-РЕЛИЗ
МЕКТЕП БЮДЖЕТИ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ
Урматтуу Саадаш Абдылдаева орто мектебинин 1-класстан 4-класска чейин окууган окуучулардын ата-энелерин, айыл өкмөт кызматкерлерин, массалык маалымат каражат өкүлдөрүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерин жана башка баардык кызыктар жактарды 2017-ж. 1- апрель күнү саат 10:00дө кызыл- Туу айыл аймагындагы Кызыл- Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектептин имаратында болуучу мектептин бюджети жана мектептин алдындагы көмөкчү чарбанын ачылышы (пришкольное хозяйство) тууралуу коомдук угууга чакырабыз.
Бул мектепте коомдук угуу биринчи жолу уюушулуп жатат. Коомдук угуу учурунда мектептин бюджети, көмөкчү чарбаны колдонуу боюнча маселелер талкууланат. Көмөкчү чарбанын негизги максаттарынын бири балдардын тамактануусунун сапатын жакшыртуу болуп саналат. Бюджет жөнүндө маалымат берилгенден кийин көмөкчү чарбанын башкаруу жолдору жана ыкмалары талкууланат.
“Коомдук угууда маанилүү маселелерди ачык талкулоо менен биз аларды тез аранын ичинде, эффективдүү, ачык-айкын жана туура чечилүүсүнө жол ачат. Биздин биринчи жолу уюштуруп жаткан угууга катышуу активдүү болот деп ишенебиз. Окуучулардын ата-энелери менен иштөөнүн ушундай ыкмасы бизге алардын муктаждыктарын жана каалолорун жакшыраак түшүнүүгө, биздин иш-чараларды колдоого мүмкүндүк берет” – дейт мектеп директору Джолдошева Ирина Темирбековна
Коомдук угуу учурунда угуунун күн тартиби, угуунун эрежелери, мектеп жана мектептин бюджети жөнүндө кыскача баян таркатылып берилет.
КЕЛИП КАТЫШЫП, ӨЗ СУНУШУҢУЗДАРДЫ БЕРИП СУРООЛОРУҢУЗДАРГА ЖООП АЛЫП КЕТКИЛЕ!!!