“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу: Айлардын кыргызча аталышы апрель айы —Чын куран

4 Апрель 2017 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны: 380

Ак карлар эрип суу агып,

Ала шалбырт кези экен,

Карлуу суук кыш кетип,

Жаркырап жылып жаз келсе,

Калың  кар кетип кыш ɵтсɵ,

Керинде карлар муз эрип.

Жаз жаркырап күн келди.

Айлар ɵтүп жаз келди.

Чын куран айында кар толугу менен эрип бүтүп аңчылыкка ыңгайлуу шарттар түзүлɵт.

ɵзɵн акан суу менен,

Адыры жок  жок түз менен,

Кийик оттоп жүрүүгɵ.

Дүйүм чɵптүн баары бар -деп «Кожожаш» эпосунда келтирилет.

Курандын мүйүзү ɵсүп даана, так кɵрүнгɵн үчүн чын эле куран кɵзгɵ кɵрүнүп айдын  атына  «чын куран» берилген болуш керек

 

Даярдаган: Аликенов Нурсултан