Апрель айынын алгачкы күнү Кызыл-Туу айыл аймагында Саадаш Абдылдаева орто мектептин имаратында мектептин бюджети жана мектеп алдындагы кɵмɵкчү чарбанын ачылышы тууралуу коомдук угуу уюшулуп, маселелер талкууланды. Коомдук угуу учурунда мектептин 2016-2017 жылдагы бюджети боюнча талкуу жүргүзүлдү. Алгач сɵздү мектеп мугалими Сакенова Азиза сүйлɵп күн тартиби жана мектеп боюнча мааламат берди.
Кийинки сɵздү мектепке кɵптɵгɵн пайда алып келген «Аманат Омүр» коомдук фондунун жетекчиси Алгожоева Жанар 5 жылдан бери аткарылган долбоорлору менен тааныштырды. Жанар Алгожоева мектеп жер тилкесин бɵлүп бергендигин, жылуулук менен камсыз кылгандыгын кийинки суроо курулуш жɵнүндɵ боло турганын айтты.
Ата -энелер комитетинин торайымы Эгембердиева Жаныл жана мектептин завучу Сарбашова Динара суроолорго жооп беришти. Ата-энелерден Надырова: «Ар дайым мектептин ишине активдүү катышууга жана окуучуларды жакшы окууга чакырды».
Коомдук угууга ата-энелер жана окуучулар катышты.
Даярдаган: Дуйшенбек уулу Элнур 7а кл