Ата-Мекендик согуш ардагерлеринин улуу жеңишин баса белгилеп, аларды дакңтап жүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Биз сɵз кыла турчу Кызыл-Туу айылынын кɵчɵсүнɵ аты коюлган эр жүрɵк баатыр Свечников Павел Семенович болмокчу.
Свечников Павел Семенович 1925-жылы 9-январда Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган. Мектепте окуп жетинчи классты бүтүргɵн. 1943-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып ошол жылдан эле Воронеж фронтунун танктарга каршы 317-гвардиялык артиллериялык полкунун куралдуу мээлɵɵчүсү болуп согушка кирет.
Днепр дарыясы үчүн салгылашууда ɵзүн ɵзгɵчɵ кɵргɵзɵт. 1943—жылдын аягында Свечников Украина СССРинин Черкасс облусунун Каневский районунун Студенец айылына Днепр дарыясын кечип ɵтүп, анын батыш жээгиндеги плацдаршды кеңейтип жана кармап туруш үчүн болгон кармашта активдүү катышкан. Ошол салгылашууда ал жалгыз ɵзү 4 танкты, 3 ɵзү жүрүүчү артилериялык орнотмону жана душмандын бир нече ок атып жаткан точкаларын талкалап салган. Немистик баскынчылар менен болгон күрɵштɵ кɵргɵзгɵн кайраттуулугу, эрдиги жана баатырдыгы үчүн гвардиянын сержанты Павел Свечников «Советтер Союзунун Баатыры» деген жогорку наамга татыктуу болуп, Ленин ордени менен «Алтын жылдыз» медалы жана Кызыл-Туу ордени менен сыйланган. Бирок сыйлыкты алганга жетишпей калды. 1944-жылдын 16-январында согуш майданында алган жаракаттан №638 -кɵчмɵ талаа госпиталында кɵз жумган. Биз жердешибиз менен дайыма сыймыктанабыз.
Даярдаган: Оморбекова Аяна
Артык кызы Гульназ