“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу: Жер Эне конвивиумунун тɵрайымы бизде конокто.

28 Апрель 2017 жыл 16:33
Көрүүлөрдүн саны: 198

21-апрель күнү Сокулук районун Кызыл-Туу айылынын С. Абдылдаева орто мектебинде  Жер Эне конвивиумунун тɵрайымы Бурул Сариева конокто болду.

1986 жылы Италияда «Slow food» кыймылы негизделген. Алардын негизги максаттарынын бири биз жеген тамак-аш «Даамдуу, таза, чын» болушу керек.  Жер Эне конвивиумунун жасаган иштери  кайталангыс. Алар биздин улуттук каада салт,улуттук тамак аш,айлана чɵйрɵнү сактоо максатында иш жургузот. «Айылда жашаган адамдар абдан бактылуусунар. Силер таза аба, таза тамак аш ,таза айлана чɵйрɵ менен  чогуу айкалышта жашайсынар»-деди Бурул Сариева.

Дүйнɵ жүзүндɵгү  100 ашуун мамлекет «Slow food» кыймылына кошулган. Кыргызстанда бул уюмдун 3 конвивиуму иштейт. Алар Бишкек-Жер Эне, Био-Мурас  жана  Кыргызстан- Ала- Тоо.  «Мен баарыңыздарды  «Slow food»  кыймылынын принциптери менен жүрүүгɵ чакырамын» — деп билдирди Бурул Сариева.

Ошондой эле Саадаш Абдылдаева орто мектебинин мугалими Сакенова Азиза Азимкановна  семинарга карата  атайын фаст-фуддун зыяны тууралы ачык сабак ɵтүп, окуучуларга улуттук тамак-аштын баалуулугун түшүндүрдү. Келген коноктор сабакка эн жакшы деген баа беришти.

Даярдаган:   Орозбекова Аяна 5в класс