Ак кодол жапайы өсүмдүк, дарылыкка анын гүлү, тамыры колдонулат. Бийиктиги 20-25 см. келип, 4-7 бутактуу, көгүлтүр ак гүл ачат.
Июнь, июль айларында гүлдөйт. Негизи, гүлдөп турганда тамырын казып гүлүн алуу керек, болбосо сабагы морт болуп сынып калса, тамырын табыш кыйын болот. Ак кодол республиканын бардык жайлоолорунда, кыска чыккан чөптөрдүн арасында өсөт.
Ак кодолдун дарылык касиети нерв оорууларына, муундарга, астма оорусуна, (көк жөтөл) бронхит, бруцеллез, ревматизм сыяктуу элде көп кездешкен бир катар оорууларга дарылык жардамы жакшы.
Ак кодолдун гүлүн, тамырын 40 гр. арак ичимдигине бир канча күн ачытып, бронха, муун ооруларга сүртөт (ооруган мүчөгө) тамырын терип кургатып алып, майдалап 100 гр. сууга бир чай кашык порошок салып, 3-5 мүнөт кайнатып, ачкарындык менен 25-30 гр. ичип турса, нерв ооруларынын бардык түрүнө, астма, муун ооруларына эң жакшы жардам берет.
Даярдаган: Бейшенбек кызы Адинай