“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу айылында «Жер эне» фестивалы болуп ɵттү.

23 Май 2017 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны: 68

 

22-май күнү Кызыл-Туу айылында «Ата-бабалардын  баа жеткис накылы» деген темада фестиваль болуп ɵттү. Фестиваль Саадаш Абдылдаева орто мектебинин актовый залында жана мектеп алдына атайын тигилген  боз үйдɵ ɵткɵрүлдү.

Эң алгач фестивалды мектептин директору Джолдошова Ирина Темирбековна ачып  келген конокторго «Аманат омур»  фонду менен бирге иштешип кɵптɵгɵн  ийгиликтерге жетишкендиги жɵнүндɵ   баса белгилеп келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Негизги фестивалдын уюштуруучусу Сокулук районунун «Гүлазык» Конвивиумунун мүчɵсү Сакенова Азиза Азимкановна, ОФ «Аманат омур» фондунун жетекчиси Алгожоева Жанар жана финансы тарабын каржылаган  «Туруктуу ɵнүгүү стратегия институту» коомдук фонду.

Фестивалга РДФ «Айыл ɵнүктүрүү» фондунун ɵкүлү Тилекеева Жылдыз сɵз сүйлɵп: «Айыл ɵнүктүрүү»  фондунун уюштурулганы жɵнүндɵ жана кыргыздын  улуттук каада салтын, тамак-ашын сактоо үчүн кичине кезибизден баштоо керек экендигин, ар бир ата-эне балдарына кыргыздын улуттук улуу мурастарын унутка калтырбай  айтып берүүсүн» — билдирди. «Ушундай   иш — чаралардын уюшулушу коомдо кɵп жардам береерин»- айтып ыраазычылыгын айтты.

Келген конокторго, катышуучуларга ОФ «Аманат омур» фондунун «Кɵнɵк» мультимедия  борборунун жаш натуралисттери ɵздɵрүнүн  мугалим эжейи менен  бирге чакан концерт уюштурушуп кыргыз жерин, элин даңазалап ыр ырдап, комуз күүсү чертилди. Ошондой эле «Нур» борборунун  жаш натуралистери этно-ботаникалык бакчада ɵстүрүлгɵн дары чɵптɵрдɵн жасалган дарылардын даярдоо ыкмаларын эл алдында кɵргɵзүп беришти. Кичинекей Аяна үй-шартында айран менен клубникадан  йогурт жасап баарына сунуштады.

Баардыгы абдан кызыктуу ɵтүп ОФ «Аманат омур» фондунун жетекчиси Жанар Алгожоева буга чейинки ɵткɵрүлгɵн иш-чаралар, уюштурулган семинарлар, » Нур» борборунун ачылышы, Таджикистан менен тажрыйба алмашуу жɵнүндɵ кыскача презентация кɵргɵздү.

Иш-чарага Америкадан келген  коноктор ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышып 6 айылдын  (Маловодное, Исмаил, Токбай, Питомник, Кызыл-Туу, Нов)  тургундары жасаган гүлазыктан жана атайын даярдалган тамак аштан даам сызышты.