“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

1-июнь «Балдарды коргоо күнүнɵ» карата Кызыл-ТУУ аймагында кайрымдуулук концерт болуп ɵттү.

12 Июнь 2017 жыл 10:57
Көрүүлөрдүн саны: 172

Концерттин максаты айылдын жаш муундары Жумакадырова Азема, Талантов Бекболот, Атагелдиев Каныбектин ден-соолугун чыңдоого салым кошуу.

Концерт башталаар алдында «Сокулук ынтымагы» коомдук бирикмеси уюштурган концертке  келген  бɵбɵктɵргɵ  бекер балмуздак таратылып берилди. Коомдук бирикменин тɵрагасы Осмонов Мурат: «Балдар биздин келечегибиз, бизнес ой-максат эмес, биздин максат элди ынтымакка чакыруу» -деп билдирди.

Ушул эле күнү  айылдын  Саадаш Абдылдаева орто мектебинин 1-класстан 4-класска  окуучуларында кур калтырбай атайын демɵɵрчүлɵр тарабынан балмуздак таратылды.  Бул иш -чарага  жеке ишкер Сансызбаева Жаныбек ага, «Жыргал» универмагы жана «Бекнияз — ата» магазини демɵɵрчүлүк кылышты.

Концертти Кызыл-Туу аймагынын ɵкмɵт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу  Нурманбетов З.О.  ачып,   балдарды майрамы менен куттуктап, аларга  денсоолук, бактылуу балалык каалап, уюштурулган концерттен түшкɵн акча балдардын дарылануусуна жумшалаарына токтолду.

Концертте  белгилүү эстрада ырчылары  Адилет Азимов, Макс мырза жана башка ырчылар жагымдуу ырларын тартуулашты. Концерт абдан  жагымдуу ɵтүп, манас айтылып кɵрүүчүлɵр  да абдан кɵп болду.

Даярдаган: Оморбекова Аяна, Нурлан кызы Эркеайым