14-июнь күнү Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектепте жайгашкан «Нур» окуу борборунда окуучулар үчүн жайкы окуулар болуп ɵттү.
Бул окуунун негизги максаты балдарга салттуу билимдер жɵнүндɵ тушунук беруу жана жайкы эс-алуу күндɵрүн пайдалуу ɵткɵрүү болуп эсептелинет. «Сабактын темасы «Ат адамдын канаты» деп бекеринен тандалып алынган эмес. Себеби байыртадан бери кыргыздар жылкы баласына абдан жакын.
Жакындан тарта Кыргызстанда асыл тукумдуу жылкыларга кɵп кɵңүл бурула баштады. Жылкыларды кымбат баага жада калса чет мамлекеттерден алдырышып жатышат. Бул жакшы бирок ошону менен кыргыздын нукура «кыргыз жылкылары» жоголуп бара жатпайбы.»- деп кошумчулады Сакенова А.А. 
Кыргыз жылкысын Кызыл Туунун жаш балдарына тааныштырып, мындан ары аны таратуу максатын кɵздɵгɵндɵр кɵп болсо иш оңунан жылат эле. Себеби кыргыз жылкысындай чыдамкай чыйраак аттар дуйнɵдɵ аз. Ушу сыяктуу маалыматтарды алган окуучулар абдан ыраазы болуп кетишти. «Нур» окуу борборунда мындай окутуулар ай сайын ɵткɵрүлүп турат. Кызыккандар келип маалымат алып турса болот. Бугунку окуу балдарга абдан кызыктуу болду анткени ар бир кыргыз баласы жылкыга жакын болот эмеспи.
Даярдаган: Орозбекова А.