Июнь айында Шалта айылындагы маданият үйү шаңга бɵлɵндү. Боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар коюлуп, кол ɵнɵрчүлүктүн кɵргɵзмɵсү кɵз жоосун алат. Анткени бүгүн райондук «Адеп башаты -ападан» деген кароо сынак ɵткɵрүлмɵкчү. Кароо сынакка Гавриловка айыл ɵкмɵтүнүн жана Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтүнүн шайыр апалар тобу катышмакчы. Быйылкы «Ыйман, адеп, маданият» жылында мындай кароо -сынактын ɵтүлүшү жаш муундарды ыйман, адепке тарбиялоодо чоң мааниге ээ деп ойлойм. Анткени элибиздин каада-салты, кол ɵнɵрчүлүгү, маданияты, ал тургай улуттук кийим, тамак-аш барында адеп-ахлактын мааниси камтылган.
Ошентип сынак башталды. Эки топтун шайыр апалары бири-биринен калбай берилген тапшырмаларды туура так аткарууга аракеттенип ɵздɵрүнүн актёрлук чеберчиликтерин да кɵрсɵтүп жатышты.
Кызыл-Туудай барган апалар «Сары-Озɵн» деген ырды хор менен жогорку деңгээлде аткарып беришти. Иманалиева Райхан эжебиздин үнү эң мыкты деп бааланды. «Тагылдыр тоо» деген бийди апаларыбыз илгерки суйкайган кездеги аялзатынын арак менен дос болуп, аягы чырга айланып үй-бүлɵ бузулганын ашкерлеген интермедия («Абысындар») залда отурган кɵрүүчүлɵргɵ абдан жакты жана «Керегем сага айтам, келиним сен ук» дегендей кийинки муунга сабак болду деп ойлойм.
Сынактын аягында Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Нурманбетов З.О. ыраазычылые билдирип ар бир катышуучуга ардак грамота, ыраазычылык кат тапшырды.
Питомник айылынын музыка сабагынын мугалими Жалалбаева Бубусара эже элдин суранычы боюнча булбулдай үнү менен созолонтуп ырдап жана «Кер-Озɵн» күүсүн шыңгыратып ойноп элди таң калтырды.
Кароо-сынак абдан кызыктуу жана жогорку деңгээлде ɵттү. Эки топтун шайыр апаларынын аткаруу чеберчилиги даярдыктары эң жакшы деп бааланды жана тең упай менен аякташты.
Даярдаган: Бейшенбек кызы Адинай