Мен сɵз кыла турган айым, биздин мектепте 4 жылдан бери биомаданий ар түрдүүлүк жана салттуу билимди окутуу боюнча, мугалимдерди жана окуучуларды үйрɵтүп келген Жанар Алгожоева эже болмокчу. 
Эже-кесиби мугалим, кереметтүү Суусамыр жайлоосунда тɵрɵлгɵн. Турмуш шартка байланыштуу дары чɵптɵрдү терип, кургатып, дары жасап, эл керегине жарап келет. Корообузда эле канча дары чɵптɵр бар экенин, алардын ден-соолукка пайдалуулугун ар дайым айтып үйрɵтɵт.Ата-бабаларыбыз дары чɵптɵрдү, ɵзүн дарылагандан тышкары мал чарбачылыкта, косметикада, табигый боекторду алууда колдонгон экен.
«Адам баласына толтура ɵсүмдүк , ичсең моокум кандырган суу, миң түркүн куштарды , ушундай кооз жаратылышты тартуулаган жаратканга миң ыраазымын»-дейт Жанара эже.
Азыркы учурда эжеге ар кайсы ооруга чɵптɵрдүн рецебин сурап кайрылгандар абдан кɵп. Мурда мындай элдик ыкма менен дарыланууга кɵп кɵңүл бурулган эмес. Азыркы күндɵ бул ыкмага суроо-талап кɵбɵйүүдɵ. Биз ата-бабаларыбыз колдонгон дары чɵптɵрдү колдонгонду билип, аны балдарыбызга үйрɵтүшүбуз керек. Быйылкы окуу жылындагы долбоордун темасы да ушул багытта жазылган. Эженин жетекчилиги менен долбоордун негизги максатын ишке ашыруу үчүн , мектепте «Нур» биомаданий ар түрдүүлүктү окутуу жана жайылтуу борбору ачылды. Бул жерде окуучулар, кол ɵнɵрчүлүк, улуттук ашкана , дары чɵптɵр рецебин даярдоо боюнча окуп үйрɵнүшɵт.

«Аманат-Омүр»коомдук фондунун жетекчиси Алгожоева Жанар эженин долбоорлорун Туруктуу, ɵнүгүү стратегия институту жана Кристенсен фонду колдоп келүудɵ. Бул долбоорлор жаш муундарды улуттук маданий, табигый мурастарыбызды үйрɵтүүдɵ жана тарбиялоодо маанилүү экендиги талашсыз.
-«Жанар эженин долбоорлору менен 4 жылдан бери окуучуларым менен иштеп келе жатам. Мен класс жетекчи катары классымдагы окуучулардын жаратылышка болгон кɵз карашы озгɵргɵндүгүн байкадым. Ошондой эле ата-энелер дагы биз ɵткɵргɵн иш чараларга активдүү катышып жатышты. Суу жетпеген дың жерге тамчылатып сугаруу менен 45 түп алма,ɵрүк,кара ɵрүк отургуздук. Этноботаникалык бакча ачтык. Бардык иште балдар кызыгып активдүү катышып жатышты» -дейт 9 класстын класс жетекчиси Динара Молдалиевна.
Ал эми мектептин директору Ирина Темирбековна : «Жанар эже мектепте мультимедиа борборун ачып, ал жерден окуучулар жана мугалимдер керектүү маалыматтарды алып жатабыз. Ошондой эле журналист окуучулар айылдагы жаңылыктарды жазып айылыбыздын сайтына (konok/kyrgyzmedia/com)киргизип турушат. Райондун мектеп директорлорунун семинарында биз кыргыз элинин улуттук мурастарын сактап калуу, салттуу билимдин негизинде окуучуларды тарбиялоо деген теманы талкууладык, сабактарды ɵткɵрдүк. Бул семинарда «Нур»окуу борборунун ачылышы болду. Эженин долбоорлору биздин мектептин окуу тарбия ишинде пайдалуу жана манилүү деп эсептейм.»-деп ыраазычылыгын билдирди.

Сɵзүмдүн аягында Жанара эжеге ден-соолук, ишинде ийгилик каалайм. Сыртынан жɵнɵкɵй кɵрүнгɵн бул маңдайы жарык, жылдыздуу, жаркын маанай эженин эл үчүн кандай чоң маанилүү эмгек кылып жүргɵнүн эч ким деле биле бербес чыгаар.
Дайыма жылдызыңыз жанып, эл үчүн дагы мыкты долбоорлорду жазып, эл кызы болуп жүрɵ бериңиз! Биз сизди эмдиги жылы дагы жаңы долбооруңуз менен күтɵбүз.
Даярдаган:Раушан Дуйшеева