Баш бармактай болгон боз чымчык чси-и чси-и деп сайрап жүрдү. Бул чымчыктын аты куркулдай. Улам куйругун өйдө-ылдый кыймылдатып, бактан бакты тандап учуп жүрөт. Куркулдай келгин куштардын түрүнө кирет.
Май айында учуп келип жаздан күзгө чейин жашай турган жерин тандайт. Куркулдайга бак-шактуу өзөндүн жээги, чоң кокту, ак кайын, терек, долоно өскөн жерлер ыңгайлуу.
Куркулдайдын эркеги жупташаардан мурда уя салат. Аны эркеги атайын дары чөптөрдөн аралаштырып, чырпыктардын кабыгынан, жиптей болгон чөптөр менен мээлейге окшоштуруп токуйт. Уянын негизин түзгөн чөптөр теректин бүрлөрүнөн, какымдын бүрү жана башка чөптөрдүн кабыгынан, данынан кошот. Уя долононун бийик бутагында илинип турат. Астында шаркыраган суу. Суунун үстүнө салганынын себеби куркулдайдын биринчи душманы жылан. Жыландын сүйүктүү азыгы бул ар кандай канаттуулардын жумурткасы. Жылан уяга жеткени калганда шамалга күүлөнгөн бутактан жылан сууга кулайт. Мына ушундай акылдуулук менен куркулдайдын эркеги эң кооз, ыңгайлуу, жылуу уя – салат. Ургаачылары бактан бакка конуп эң эле кооз уя издешет. Издегенин тапкан соң ошол уяны салган куркулдай менен жупташат.
Даярдаган: Раушан Дуйшеева