Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин окуучуларын Польшадан келген Эвелена «Под кыргызским небом» деген долбоору менен тааныштырып кетти. Балдар асмандагы жылдыздарды телескоп менен кɵрүүгɵ үйрɵнүштү.

Эвелена 3 жылдан бери «Под общим небом»деген долбоордо иштеп келе жатат. Бирок Кыргызстанда жашап жаткан үчүн «Под кыргызским небом» ASTROJAILOO деп ɵзгɵртүлгɵн. Эвелена мугалимдерге жана окуучуларга астрономия боюнча кызыктуу фактыларды айтып берди.

Биринчиден бул долбоор боюнча мугалимдерге түшүндүрүп үйрɵтɵт экен. Андан соң мугалимдер окуучуларга үйрɵтүп, кружок ачып балдардын ɵсүп ɵнүгүшүнɵ жардам берет.

Окуучулар астрономия сабагына кирген жылдыздар жɵнүндɵ ɵтүштү. Жɵнɵкɵй пластилинден жана шариктен планеталарды жазап үйрɵнүштү.

Ал эми эң кызыктуусу телескоп менен кɵрүү болду. Телескоп менен жылдыздарды кɵрсɵ болот. Бирок сабак жарыкта болгон үчүн жылдыздарды кɵрɵ алышкан жок. Кечинде жылдыздарды 3 секундттун ичинде гана кɵрɵ алабыз. Себеби ɵзүбүзгɵ билинбегени менен биз жылып турабыз.

Акырында Эвелина бардык окуучулардан маалымат алды. Кызыкпаган окуучулар дагы кызыгып угуп жатышты. Окуучулар сабак абдан кызыктуу болуп ɵткɵнүн айтып беришти.

Даярдаган: Раушан Дуйшеева