“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Жаңы айыл ɵкмɵт башчысы шайланды.(Жайкы лагерь конкурс үчүн)

15 Июль 2017 жыл 12:20
Көрүүлөрдүн саны: 63

Ушул айда тагыраак айтканда  7-июльда Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы шайланды. Эске салсак , декабрь айында шайланган депутаттар бир пикирге  келе албай айыл ɵкмɵт башчысы шайланбай калган.  Кийинки турда дагы кворум болбогондуктан депутаттар тарап кайра жаңы депутаттар шайланган. Мына эми алар  чогулуп, акылдашып мурдагы ɵкмɵт башчы Нурмамбетов Замир Оморбековичти бир добуштан шайлашты.

Замир агай ɵкмɵт башчы болуп иштегени бир далай иштерди аткарды. Айылдын  социалдык-экономикалык маселелерин чечип берүүгɵ аракет кылууда. Спорт, маданий иш-чаралары дайыма ɵткɵрүлүп турат. Бала-бакча, мектептер  менен да тыгыз байланышта  иш жүргүзɵт.

«Аткара турган иштер кɵп.Айыл ɵкмɵтүнүн социалдык- экономикалык абалын жогорулатуу боюнча иш алып бара жатабыз. Откɵн жылы жакшы бир топ иштер жасалды. Грант утуп алып,Маловодное айылындагы клубду ремонт кылдык.Онүктүрүү институтунан грант алып минифутбол стадионун курдук. Токбайдагы мектепке жылуулук системасын киргиздик.  Жаңы конуштардагы жана жарактан чыккан жолдорду оңдоп жасадык. Кɵчɵлɵргɵ жарыктандыруу киргиздик.Ошондой эле спорт, маданий иш-чараларды ɵткɵрүп турабыз. Айылдагы жаштарды активдештирүү, мектептер менен тарбия иштерин күчɵтүү максатында тыгыз байланышта иштемекчибиз.Албетте айылыбызда кɵйгɵйлɵр бар. Сугат суулары жана ичкен суулар боюнча маселелер чечилүүдɵ. Бала-бакча,мектептерге  кɵмүр алып беребиз,ремонт иштерине жардам бердик. Саадаш Абдалдаева мектебинин ашканасынын ремонтун жасап бердик.

Замир агай сизге кааларыбыз ишиңизге ийгилик.Ар дайым элге кызмат кылып,эл керегине жараган элдин уулу болуп жүрɵ бериңиз!

 

Даярдаган: Дуйшеева Раушан