Талас районун тургуну Куттубек кызы Айжылдыз «Jibi friends» жайкы лагердин катышуучуларын жаа атканды үйрөттү. Айжылдыз жаш болсода көптөгөн жаа атуу боюнча мелдештердин жеӊичүүсү.

Куттубек кызы Айжылдыз 14 жашта. Ал 3 жылдан бери жаа атуу менен машыгат. Жаа атууга аны атасы белгилүү саяпкар, мүнүшкөр, жаачы, мергенчи Куттубек Өзүбеков түрткү берген.

Жаш жаачы бир жылдан ашуун убакытта жаа атканды үйрөнүп, мелдештерге катыша баштаган. Алгачкы жолу Талас облусун 70 жылдыгына карата уюштурулган мелдеште чоӊдор арасында өз күчүнүн сынап көргөн.

«Бардык адамдарда толкундануу сезими болот» дегендей, башкалардай эле мен дагы алгачкы жолу эл алдына чыкканда толкундангам», — дейт Айжалдыз.

Айжылдыз 1 жаа жана 15 жебенин ээси. Жаа текенин мүйүзүнөн, жебе кайындан сырдалып жасалган, жебеге бүркүттүн канаты жана учуна коргошун бекитилген. Жааны атасы өз колу менен жасап берген.

«Бүгүнкү күндө 3 кубок, ондон ашуун медаль жана мактоо баракчаларына ээ болдум. Менин эӊ биринчи кеӊешчим бул атам. Ал мага өзүнүн билген билимин үйрөтүүгө чоӊ салым кошуп келе жатат», — дейт Айжылдыз.

Келечекте Айжылдыз Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытуу максатында белгилүү жаачы болуп, өз мамлекетине чоӊ салымын кошкусу келет.
Даярдаганлар: Кубатбекова Сырга, Молдобеков Мырзабает, Абасканова Айчолпон