“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Алты бакан Ак Илбирстин мекенинде

2 Сентябрь 2017 жыл 1:39
Көрүүлөрдүн саны: 223

Тар – Суу капчыгайында өтүп жаткан «Жибинин достору» аттуу жайкы лагерде жергиликтүү жашоочулар балдар үчүн  алты бакан орнотушту.  Бул  лагерь ак илбирсти сактоо максатында уюштурулган.

Алты бакан эмне үчүн «алты бакан» деп аталып калган? Алты тирөөчү болгону үчүн ал алты бакан деп аталат. Алты тирөөчү үчтөн эки жагында бекемдикти  кармап турат.

Кемин районунун Шабдан айылынын жашоочусу 71- жаштагы Гулжамал апа алты бакандын тарых, таржымалы жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү:  «Алты бакан таржымалын угайын деп баарыӊар бул жерде турасыӊар, жакшылап угуп тургула анда. Биздин ата-бабаларыбыздан калган ушул алты бакан селкинчек деген болгон экен».

Алты баканды биздин бабаларыбыз кыз узатканда, кечке жуук кыз-келиндерибиз жумуштан бошогонда жана ар кандай оюн-зоок, майрамдарда тебишкен.

Ал эми алты баканды куруучу Тар-Суу айылынын тургуну Таалайбек агайыбыз алты бакандын курулушу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди. Алты баканды куруп, тургузуш үчүн бизге 4-5 адам керектелет. Биринчиден, селкинчек туруучу жерди белгилеп казып алабыз, экинчиден, карагайды тургузуп, катуу чынжыр менен бириктирип байлайбыз, үчүнчүдөн, өтө чоӊ эмес тактайды тебүүчү жерге чынжырга ороп орнотобуз. Ошону менен биздин алты баканыбыз даяр болот. Эӊ негизгиси алты бакан жасоодо карагайларын бекем, катуу кылышыбыз абзел болот.

Даярдагандар: Сайкал Алымбекова, Арсиева Айжамал, Токтогулова Асылай.