“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кадимки койчу баштык – Пастушья сумка

11 Сентябрь 2017 жыл 11:56
Көрүүлөрдүн саны: 319

  Кайчылаш гүлдүүлөр уруусуна кирүүчү бир жылдык  жана эки жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы жалкы, тик өсөт. Бийиктиги 20-60 см. Жалбырагы кыска саптуу, жээктери бүтүн үч бурчтуктай бөлүктөргө канат сымал бөлүнгөн.

Гүлдөрү чатырдай топ гүлдүү сабактардын учтарында жайгашкан. Мөмөсү үч бурч саадакчадай. Апрель-май айларында гүлдөп, мөмөсү май-июлда бышат. Арыктардын жээгинде, жол боюнда өскөн отоо чөп өсүмдүгү. Сырье катары чөбү колдонулат (гүлү, быша элек мөмөсү, жалбырагы, сабагы). Кан токтотуучу, жатындын жыйрылуусун күчөтүүчү, заараны тез бөлүп чыгаруучу, кан басымын төмөндөтүүчү дары катары колдонулат.

Даярдаган: Бейшенбек кызы Адинай