“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Дары чопторду даярдоо.

2 Октябрь 2017 жыл 16:06
Көрүүлөрдүн саны: 259

  Дары өсүмдүктөрдү жыйноонун, даярдоонун эрежелерин туура сактаган учурда гана дары өсүмдүктүн мыкты сыръёсун жыйнап алаарыңыз шексиз. Ошондуктан дары өсүмдүктөрдүн кайсыл бөлүкчөсү жыйнала турганын, жылдын кайсыл убагында, кандай жыйноо ыкмаларын, өскөн жерин толук билүүбүз шарт.

Дары өсүмдүктөрүнүн дарылык касиети өсүмдүктүн баардык бөлүкчөлөрүндө: тамырында, тамыр сабакчасында, уругунда, гүлүндө, жалбырагында, жемишинде болот.

Төмөндө дары-дармек өсүмдүктөрүнүн ар кандай бөлүкчөлорүн жыйноо боюнча бир нече эрежелерге токтолобуз. Чөптү аба-ырайы ачык, кургак учурда, шүүдүрүм кеткенден кийин эртең менен, өсүмдүктүн гүлдөгөн учурунда жыйнашат. Өсүмдүктүн чөбүн орок, бычак, атайын жасалган кайчы менен оруп, кесип алышат. Өсүмдүктү жыйноодо тамыры же тамыр сабагы менен жулуп алууга болбойт, бул өсүмдүктүн азайып кетишине дуушар кылат. Бүчүрлөрү көөп чыкканда, бирок ачыла элек учурунда жыйнайт. Жалбырактары ачылган бүчүр дарылык касиетке ээ эмес. Бүчүрдү жыйноодо курч бычак менен былтыркы жылдын сабагын 2-3 мм. өлчөмдө бүчүрү менен кошо алат.

Кабыкты өсүмдүктүн жаш бутактарынын ширеси көп мезгилинде, бүчүрлөр көбө баштаган учурда эрте жазда жыйнайт. Өсүмдүктүн кабыгын даярдоо үчүн курч бычак менен жарым шакекче түрүндө туурасынан аралыгы 20-30 см. кесишет дагы, узунунан 2-3 см. кесинди түрүндө жарым шакекчелерди кошот. Кесиндини акырындык менен сыйрып алышат.

Жалбыракты жыйноодо жай бою өсүп жетилген, урунду болбогон илдетке чалдыкпаган, саргарбаган жашыл жалбыракты кол менен үзүп же кайчы менен кесип алып жыйноо керек.

Гүлдү жана гүл тобундагы өсүмдүктөр жаңы гүл ача баштаганда, гүлдөрүнүн өңү ачык, анча көбүлбөй турган мезгилинде гүл сабагы менен бирге үзүп жыйнайт. Гүлдөрдү, негизинен, жаан – чачынсыз аба-ырайынын ачык күндөрүндө жыйноо талапка ылайык.

Тамырын жана тамыр сабактарын өсүмдүк уруктанып бүткөндөн кийин, өсүмдүктүн жер үстүндөгү бөлүкчөлөрү соолуп куурай баштаганда кеч күздө же эрте жазда жыйнашат. Бул өсүмдүктү жаңылбай таанып калуу үчүн гүлдөгөн убакта чалгындоо жүргүзүп, аны кандайдыр белги менен белгилеп коюу керек. Тамыр жана  тамыр сабактарын күрөк, кичинекей кетмендер, чукулуктар менен казып алышат, аларды топурактан тазалап, тез аранын ичинде муздак суу менен жуушат. Жуулган тамырда, тамыр сабакчаларды кургатууга ылайыктап, жоон тамырларды жара кесип, майдалап бөлүү сунуш кылынат.

Мөмөлөр жана уруктар бышып жетилгенине жараша кол менен үзүп, сабагынан ажыратылып жыйналат. Эгерде бышып жетилген  мөмөлөр же уруктар күбүлүп түшө баштаса, бул учурда өсүмдүктүн мөмөсү же уругу бар бөлүгүн кесип, мөмөсү толук бышып жетилгиче боолап коюшат.

Ширелүү мөмөлөрдү (мисалы, ит мурун, бөрү карагат) – эртең менен эрте же кечинде этияттык менен эзбей жыйнашат. Терилген мөмөлөрдү чүпүрөк менен капталган себетчелерге салышат да, ар бир кабатына эзилип кетпеш үчүн чөп же майда бутактар коюлат.

Даярдаган:  Аликенов Нурсултан