“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Табият жана кочмон турмуштан кыргыз ай санагы жаралган.

5 Октябрь 2017 жыл 14:05
Көрүүлөрдүн саны: 189

Аяк оона айынын ичинде эл жайлоодон кыштоого карай түшкɵн маал.

Уй оокатын, мал-жанын тейлеп, түгɵлдɵп кошуна колоңго чыкканга убактысы жетпей аягы(буту)эки жакка чыга албай, үй тиричилигинде болуп калгандай. Бийик тоолуу ɵрɵɵндɵрдɵ кыштын илеби келип калган учурга туш келет. Аяк оона айы жылдын бирден бир чарбачылык жагынан маанилүү айлардын бири, кышка даярдык кɵрүү, жыйын-терим маалы.

Тогуздун айы-бул айлардын айрым географтардын  болжолу боюнча кɵбүнчɵ жашоо-турмуштун, коомдук саясий, салык маселелерин так чечүүгɵ байланыштуу болуш керек. Бул пикирге биз да кошулабыз жана мүмкүн болсо дагы болгон маалыматтарды издейбиз. Тогуздун айында салыкты тогуздап алганга чоң мүмкүнчүлүк болот, себеби бул айда элдин кɵпчүлүгү отурукташкан маал болуп, мал-мүлк толукталат да, салыкты тɵлɵшɵт.

Даярдаган: Раушан Дуйшеева