Эртең Сокулук районунда директорлордун конференциясы ɵткɵрүлɵт. Ал жыйында эң мыкты мугалимдерге министирликтин грамотасы тапшырылат.
«Мугалим болуу ɵтɵ кыйын, кɵп энергияны талап кылат. 1-жылда бир күнүн мугалимдерге арнап, чакан концерт коюп беришти. Окуучулар ордуларына отурушпай изилденишип, жаңы жеке номерлерди даярдашып, бизге ɵнɵрлɵрүн кɵргɵзүштү.-дейт Азиза Азимкановна
9а класстын окуучуларына жана Шаңкаева Анара эжеге чон рахмат. 9а класстардын окуучулары концертке активдүү катышып, мугалимдерге арналган жакшы ырларды айтышып, мугалимдердин кɵңүлүн ачышты.

Ушундай эле Сооронбекова Базаркүль эжеге рахматымды айтам. Базаркүль эже ырчы кыздарынын жеке номерин даярдап, сахнага шаңдуу ырларды ырдатты. Бул концертке мугалимдердин баары катышып, ыраазы болуп кетишти.-деп билдирди Азиза эже.

Даярдаган; Раушан Дуйшеева