Кызыл Туу айылынын жаштары кызыктуу жолугушуунун кγбθсу болушту. Аларга айыл тургуну Калипа апа жылдыздар тууралуу уламыштарды айтып берди.
«Менин атым Калипа. Мен 77 жаштамын.Бул мектепке байланышып калганым дын себеби балдарым-неберелерим ушул мектепте окуп жатышат.Ошондуктан бул мектеп менен тыгыз байланышып иштеп калгам. Азыр мен силерге Уркор жылдызыжонундо айтып берейин.
Ай санасан 7-оо учооно жакын турат, ортосунда 1,ойдо жагында 3-оо.Ошону уркор жылдыз дейт «Уркор жылдыз батканча Эмизген энекем» «деген ыр дагы бар . Ал экоо жанашып отот. Жанашып журот дагы ал жылдыз же астыга кетпейт, же артка кетпейт.Дайыма жанында журот.Жут жыл болоордо ал жылдыз ай менен отуп барып астына туруп алат.Ошондо бороон болот, кыш калын тушот, ушук журот. Эгерде арт жагында калса анда жай жакшы болот, жаз жакшы болот, жана эгиндин тушуму мол болот. Уркор жылдыз айга тийишпей отуп кететкен учурлар да болот. Анан дагы»Чолпон жылдыз» дегени дагы бар. Чолпон жылдызы 5-оо, айдын каптал жагында журот. Бирок анын эч жаманчылыгы жок .Ал жакшы ай.Анын шаны бар, жакшы жыл болоордо аябай жаркырап куйот. Илгери ата-бабалар айтышчы : «Сары жылдыз жанашып калды, малды кун койго кыштатыш керек » — деп .Жазгы куну тескей чыгат ,анткени чоп жакшы чыгат.Тескейге жакшы жайлатып келчуу.
«Саманчынын жолу»-бул узунунан кеткен ак сызык.Тундо асманды карасан карта сыйактуу.Ошол жылдыздын тегерегиндеги башка жылдыздар балбылдап турат.Саманчынын жолу ай менен чогу батып кетет.Кун батканда,ай чыкканда кошо чогу чыгат.Саманчынын жолу ал жакшы жылдыз. Эн жарык жылдыз Чолпон жылдызы; Жап-жарык болуп балбылдап турат,карагын эле келет.Анан дагы беш жылдыз деген дагы карап турсан аябай жакшы корунот .Беш жылдызды карап каалонду айтсан каалон буйруса аткарылат.Учкан жылдызды «Учкун» -деп аташат .Учкунду карап калоо айтсан деле болот . Анын учуп кеткени жакшы.Эч зыяны жок»- деп айтты Калипа апа..
Калипа апа ушул айтып берген уламыштарын жаш келин кезинде кайынатасынан угуп жаштарга айтып беруудо. Биз ага чон рахмат айтабыз.
Даярдагандар: Сайкал Медербекова , Каныкей Кенешова