“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Улуу сɵз деген эмне?

18 Август 2018 жыл 11:01
Көрүүлөрдүн саны: 249

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматов ɵз чыгармаларында: «Баарынан мурда сɵз жаралган»-деп айткан.Ата -бабаларыбыз жаш муунга бардык нерсени сɵз менен тушундуруп клген. Ошондон «Айтылган соз , атылган ок» деген макал калган.

Макал кыргыз баласынын жашоосунда чоң мааниге ээ болуп, турмуштагы ар кɵрүнүштɵргɵ карата ылайыктап айтылып, ошо нерсенин маани маңызын ачып кɵрсɵтүп бере алган.

Гулмира Өмурзакова  бизге кээбир макалдардын чечилишин түшүндуруп берди.

«Макал-лакаптар бул кыргыз  элинин  кɵɵнɵрбɵс мурасы. Макал  бул  терең философия . Мисалы,»Жамгыр менен жер кɵгɵрɵт, бата менен эр кɵгɵрɵт».Ооба жамгыр жаса жер бетине кɵк чɵп чыгат , ал эми бата менен  адамдын зоболосу которулот. Ушул сыяктуу макалдар коп жана ар бирин чечмелей берсек болот» — деди Гулмира Өмурзакова

Азыркы маалда жаш муундун аң-сезими такыр башка жака бурулуп жатат. Ушул макалдарды айтып мисал келтирип, аларга түшүндүрүп берсек биздин жаштардын адеп-ахлагы ɵзгɵрɵт деген ишенимдебиз. Анткени улуу сɵздун күчү ушунда.

Даярдаган: Айсулуу Нурматова