“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Жети атаңды билесиңби?

23 Август 2018 жыл 21:45
Көрүүлөрдүн саны: 300

  Кыргыздар байыртадан бери балдарынын кулактарына жети атасынын ысымдарын куюп келген.Эгер бала жети атасын билбесе уят болгон.  

«Ар бир кыргыз инсаны жети атасын билүүсү зарыл.Өзгɵчɵ эр азаматтар. Кыргыздарда сɵз бар «Жети атасын билбеген кул».Атанын милдети баласына жети атасын үйротүп жаттка айтыруу»-деди Гулмира Омурзакова.

Биздин маектештин айтымында эгерде атасы жети атаны билбесе туугандарынан же болбосо санжырачылардан сурап билсе болот.Жети ата тɵмɵнкүдой аталат ата, чон ата, баба,буба,жете ,жото,теги.Кыз алганда кыргыздар теги кандай экен деп сураган ал эми урушканда «Жетесинде жок экен» деген сɵз калган.

Биз кызыгып балдардан жети атасын сурадык.Бардыгы билишет экен. Кубат Орозбеков Токбай айылында жашайт ал Жаныбек тукумуна кирерин айтып берди ал эми жети атасынан ашырып Солто уруусунан экенин далилдеп бере алды. (Орозбек,Шаршенбай,Сагынбай,Бакдоолот,Жаныбек,Козуке,Токбай,Кунтуу,Солто)

Бардыгына каалап кетерибиз эч качан жети атанарды унутпагыла.

Даярдаган:Айсулуу Нурматова