“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Органикалык азык-тʏлʏктɵр жарманкеси: Дары чɵптɵрдɵн тарта уй кымызына чейин

2 Ноябрь 2018 жыл 20:35
Көрүүлөрдүн саны: 162

  Бишкекете 25-октябрдан, 27-октябрга чейин жыл сайын ɵтʏʏчʏ Кыргызстандын органикалык кыймылынын BIO-KG федерациясы, жергиликтүү компаниялар жана фермерлер  тарабынан өндүрүлгөн натуралдык азык-түлүктөрдүн көргөзмө-жарманкесин өткөрдʏ.

 

VII  -ирет ɵтʏп жаткан бул жарманкеде аймактардан келген   фермерлер тарабынан ɵндʏрʏлгɵн табигый кошулмасыз азык-тʏлʏктɵр жана кийим-кечектер коюлган.

 

Бул продукцияларда   химиялык кошулмалар жок жана  даамы жакшы экенин адистер  белгилешти.

Ошондой эле  даамы жана баасы жагынан айырмаланып турган уй кымызын даамдап, сатып алууга мүмкүн болду. Аны даярдоо үчүн бир канча убакыт туруп калган жылкынын, уйдун сүтү жана табигый булак  суусу пайдаланылат.

 

Мында туура тамактануу, ден соолука кам кɵрʏʏ боюнча  пайдалуу кенештер  айтылып,  мастер класстар кɵргɵзʏлдʏ.

Иш чаранын башкы максаты; ден-соолук, таза табигат, чынчылдык камкордук.

Даярдаган: Айсулуу Нурматова, Аяна  Орозбекова