Мекенинен алыс жакта эмгектенип жүргөн Асылбек Асаналиев жапон элинин арасында чоң сыйга ээ болуп , кыргыздын атын даңазалап жүрөт.

Жапонияга кантип барып калдыңыз ?
— Мен бул жакка көп жолу келип кайра Кыргызстанга кетип жүрдүм. Биринчисинде кыска убакытка изилдөө программасынын алкагында барып, аны ийгиликтүү аяктагам. Андан соң Ишенаалы Арабаев атындагы университетинде окуп жүргөндө студенттердин алмашуусу программасынын аркасында келгем. Ошндо япон тили тереңдетип үйрөнөйүн деп ал жактагы жеке мектепке документтеримди тапшырып Кыргызстанга кайткам. Ошентип ал окуу жайга өтүп кетип кайра Японияга келдим, ошондон бери жумуш таап, үй-бүлө куруп калып калдым.
—Кыргызстандан жумуш тапкан жоксузбу ?
— Мугалимдик боюнча жылына 7000 миң доллар төлөп билим алчумун. Бирок биринчи жылында каржы жагынан кыйналып окууну жыйыштырдым, жалпы ал жерде эки жыл окумакмын. Ошончо акча сарптап адистигимдин келечегин Кыргызстанда көрө албай койдум. Үйдөгүлөр менен да кеңештим. Мен бош убактымда өзбекстандык досум экөөбүз ашканада идиш жууп, официант болуп иштечүбүз. Көрсө ошол кезде ресторандын ээси биздин жакшы иштеп жүргөнүбүздү байкап калыптыр. Анан ал бизди жумушка чыкыртып ашпозчулукту аркалап кеттим. Бул жактан япон кызына үйлөндүм, мекениме келгенде эмне жумуш кылам деп ойлонуп бир нерсе үйнөнүп кетүүгө аракет жасадым, япондордун тамак-аштарын изилдей баштадым. Негизи бул жактагылардан көп нерсе алса болот.
Жапондор күйө балага кандай мамиле кылат экен ?
— Келинчегим менен жумуштан таанышып сүйлөшө баштагам. Ал дагы келип-кетип бизде иштеп жүрчү. Жылдызыбыз келишип мен аны жактырып калдым. Ишке келбей калса аны издеп калмай. Кыскасы ал сезимдерди айтып болбойт. Япондордун күйөө баласы эмес, кызматкери болуу кыйын. Анткени алар талапты катуу коюшат. Ата-энем менен акылдашып колун сураганы барганда болочоктогу кайын журтум такып бардыгын сурап чыккан. Ата-тегим, алдыда койгон пландарым, жумушум боюнча суроолорду беришип анан гана макул болгон. — Чет жакта кыйынчылыктар болбой койбосо керек? — Окуу жүргөндө тил жагынан кичине кыйналдым. Бишкекте үйрөнгөнүм ал жактагыларга салыштырмалуу начар болуп чыкты. Андан сырткары, 2-3 ай жумуш таба албай жүрдүм. Акчанын жоктугунан күнүнө бир жолу эле тамактанмай, үйгө кесме алып келип сууга бышырып жеп жүрүп арыктап кеткем. Кийин жумушка киргенде япон кесиптештеримдин көралбастыгынын айынан иштен айдалып башка жерде акча таап жүрдүм. Бизге деле чет жактан бирөө келип тың болуп, бат эле көтөрүлүп кетсе ичи тарлар четтен чыгат да. Так ошондой учурларды башыман өткөрдүм. Бирок белгилүү убакыт өткөндөн кийин мурдагы жумуштагылар кайра чакыртып ишке алышты. Кыскасы ресторанды келе калып эле башкарып калган жокмун.
—Азыр иштериңиз кандай?
— Кудайга шүгүр жакшы. Жакында эле экинчи кыздуу болдум. Мен башкы ашпозчу жана администратор болуп иштеп жаткан жерде 40га жакын кызматкер эмгектенет. Алардын арасында беш кыргыз бар. Бул өлкөгө келген мекендештерге колдон келген жардамды берип, аларды жумушка алууга аракет жасайм. Ал жактагы бардык иштерди өзүм көзөмөлдөйм.
— Канча айлык аласыз?
— 3000-3500 доллар болот.
. — Токбай айлыңызга кайтып келесизби?
— Ооба.

Даярдаган; Аяна Орозбекова