“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Айыл мектеби ашкана менен камсыздалды

22 Январь 2019 жыл 15:35
Көрүүлөрдүн саны: 117

Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Ысмайыл айылынын Чодугүл Байсалбекова  атындагы орто мектеби ашканалуу болду.

Аталган мектептин директору Токтосун Куловдун айтуусунда ашканага жалпысынан 180 мин сомдон  ашуун каражат сарпталып  анын  копчүлүк бɵлүгү айыл ɵкмɵт тарабынан каржыланган.

Ушул күнгɵ чейин ашканабыз жок кыйналып келгенбиз.  Буга чейин балдар тамактанчуу эмес эле. ϴзүнɵр кɵрүп тургандай мында баардык шарттарды түзүүгɵ  аракеттендик. Суук түшкɵнүнɵ байланыштуу ата-энелер менен кенешип,  кɵптɵп жылытуучу батарейкаларды орнотуп алдык.

Ашканадагы  эмеректерди  алууда айыл тургундары жардам кɵрсɵтүшкɵнүн Шааркан Мамбеталиева белгиледи.

Мектепке апабыз Чодугүлдүн ысымы ыйгарылганына сыймыктанабыз. Кайсыл  убак болбосун колубуздан келген жардамыбызды кɵрсɵтүп келебиз. Бул ирет дагы ашканага эмеректер керектигин угуп, алып келип бердик.

Ал эми ата-энелердин бири Талант Касымалиев ашкана ишке киргенден бери окуучулар бул жайдан тамактанып калганына кубанып жатышканын жашырган жок.

Балдардын  атайын тамактануусуна шарт жок болуп  кыйналып келишкен. Азыр ысык тамак ичишпесе да атайын ашканадан тамактанышып жакшы болду.

Даярдаган: Айдай Джолчубекова