“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Интеллектуалдык таймаш ой жүгүртүүнү калыптайт

22 Январь 2019 жыл 14:26
Көрүүлөрдүн саны: 122

Сокулук  районунундагы  №4 Муса Жангазиев атындагы  орто мектебинде «Инсандык ϴнүгүү» клубу окуучулар үчүн   интеллектуалдык оюндарды уюштурду.

 Жогоруда аталган клубдун мүчɵсү  Арген Дүйшɵбеков  мындай оюндар  окуучунун  ан-сезимин  калыптоо, логикалык ой-жүгүртүүсүн  ɵнүктүрүүдɵ таасири чон экенин айтат.

   Окуучулар азаматтар, аракети чон, ой – жүгүртүүсү кенен экен. Учурда жаштардын кɵбү китеп окуудан алыс, мындай иш-чаралар алардын   китепке болгон кызыгуусун арттырат.  

 

Интеллектуалдык оюн 3 этап менен ойнотулуп, анда  улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармалары, омур баяны жɵнүндɵ кызыктуу суроолор  камтылган.  

Оюн сонунда  женүүчүлɵргɵ атайын белектер  ыйгарылды.  Алардын бири 7-класстын окуучусу Дɵɵлɵт Максүтов тɵмɵндɵгүдɵй пикирин билдирди. 

Оюн абдан кызыктуу болду. Мага жакты. Кээ бир суроолорго жооп таба албай калганыбызда аябай уялып жаттым. Мен  мурун  Чынгыз Айтматов жɵнүндɵ баарын билем дечүмүн кɵрсɵ жанылышыптырмын,  эми мындан ары улуу жазуучубуздун бейнеси, чыгармаларын кɵбүрɵɵк билүүгɵ аркеттенем.

Даярдаган: Айдай Джолчубекова