Сокулук районуна караштуу Кызыл-туу айылынын тургуну Алия Шумкарбекова волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамына татыды. Кабарчыбыз Алияны алган наамы менен куттуктап, кепке тартты.
Алия спорт чебери болушунуз менен куттуктайбыз! Бул ийгиликти багындырыш үчүн кандай аракеттерди жасадын?
Рахмат! Буга чейин сүйлɵшүү аркылуу бул наамды алсам болоорун айтышты. Бирок, мен ɵз күчүм менен жетээримди белгилеп, андай жолдон баш тарткан элем. Жетекчилик аракетимди баалап сыйлыкка татыдым. Бул менин демиме- дем берип, стимул болду.
Волейболду канча жашындан бери ойноп келе жатасын? Кызыгуу качан башталган?
Негизи ата-энем спортко жакын кишилер. Атам жаштайынан волейбол ойноп жүрүп кийинчерээк шартка байланыштуу таштап койгон экен. Ошондон уламбы айтор, кичине кезимден мени ɵзүбүздүн же коншу айылда болгон волейбол боюнча мелдештерге тынбай катыштырып жүрдү. Бул тармакка келип калышыма атамдын салымы чон болду десем болот.
Эми курамынар жɵнүндɵ кененирээк айтып берсен? Кандай болуп бул тайпага кошулуп калдын?
Буга чейин башка клубтарда ойноп келгем. Бирок, Бишкекетин волейбол боюнча «Салам-Алик»кыздар командасына кошулгандан тарта ийгилик жылмая баштады. Бул жактан бир топ кыялдарымды орундаттым. Мисалы: бир нече жолу чемпион аталдык, Баку, Новосибирск шаарларына барып оюун кɵрсɵтүп келдик. Негизи командабызда 12 кыз бар, алардын жетɵɵ оюун талаасына чыгабыз.
Алдыга койгон максаттарын кандай?
Быйыл окуумду аяктайм. ϴзүм сүйгɵн кесиптин ээси болом. Максатым волейбол боюнча машыктыруучу болуп, келечекте шакирт тарбияласам анан мен жетпей калган бийиктиктерге ошолор жетсе деп кыялданам. ϴзүбүздүн айылга спорт комплекс куруп, жаштарды дени сак жашоого үндɵсɵм дейм. Буйруса кыргыз волейболуна азда болсо салымымды кошом деген ниеттерим бар.
Сɵз арасында Алиянын апасы Назира Мунайтпасовага суроо салганыбызда ал кызынын жаратып жаткан ийгиликтерине кубанычын жашырган жок. Кызыныздын волейбол боюнча спорт чебери болгонун укканда кандай кабыл алдыныз?
Албетте атасы экɵɵбүздɵ толкундоолор чон болду. ϴткɵн жылы ɵкмɵт башчынын ɵз колунан спортко кошкон салымы үчүн сыйланганда, кубанганымдан олтуруп алып ыйладым. Алия кичинесинен эле топко жакын болуп чонойду. Атасы 7-класста окуп аткан кезде мектептеги волейбол курама командасына алып барып кошкон, ошондон бери волейболду таштаган жок. Мектепти аяктап, кесипке келгенде ойлонбой туруп, Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясын тандады. Башында кызымдын дарыгер, мугалим же башка кесип ээси болушун кааладым. Бирок, Алия ɵз тандоосунан баш тартпай койду. Учурда жараткан ийгиликтерин кɵрүп кубанып келе жатабыз. Кɵрсɵ ɵзүн сүйгɵн жумушту жасасан ийгилиги болот тура. Келечектен үмүтүбүз чон.
Апасы Назира Мунайтпасова
Маегиниздерге рахмат! Алия алдыда кɵп ийгиликтерди жарат.
Сиздерге ыраазычылык! Ишинерди ийгиликтер коштосун!
Белгилей кетсек, Алия Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебин аяктаган.
Даярдаган:Айсулуу Нурматова