“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Аалам алпы Айтматов

2 Февраль 2019 жыл 17:53
Көрүүлөрдүн саны: 162

Сокулук районунун  Ысмайыл айылындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектебинде башталгыч класстар үчүн Айтматовду жакындан таанып билүүгɵ арналган класстан тышкаркы ачык сабак ɵткɵрүлдү.

Иш чаранын башкы максаты  алп жазуучуну жакындан таанып-билүүгɵ багытталган. Бул аракетти кɵрүп жаткан  жаш мугалим Сезим Тɵштүк кызы  « Окуучуларды алп жазуучунун чыгармалары менен жакындан тааныштыруу . ϴзүнɵр кɵргɵндɵй кызыгуу чон. Балдар 3-класс экенине карабай Толгонайдын монологун жатка окуп, «Махабат дастанындагы» ырларды ырдашып, кɵркɵм окуп жатышат»-дейт.

Ачык сабактын сонунда  Чынгыз Айтматовдун   ɵмүр жолун чагылдырган слайд кɵрсɵтүлдү. Бул иш чара жазуучунун 90 жылдык маарекесине арналаган.

Даярдаган: Айдай Джолчубекова