“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Дзюдо чемпиону

13 Февраль 2019 жыл 13:13
Көрүүлөрдүн саны: 128

 Бул ирет дзюдо,  самбо жана аялдар арасындагы  эркин күрɵш боюнча ɵлкɵнүн бир нече жолку чемпиону, Айзада Жаналиева жɵнүндɵ жазууну туура кɵрдүк. 

Айзада Жаналиева Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда  туулган. Ал тɵрт жашынан тартып  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында чонойгон. Анын айтымында үй-бүлɵдɵ спортко кызыккан киши болгон эмес.  Мындан улам каарманыбыз бул чɵйрɵгɵ кокустан келген. Мектепте окуп жүргɵн кезде эмгекти сүйгɵн, аракетчил, ɵжɵр  кызды  байкаган дене-тарбия мугалими Арстан Илибаев, ɵзүнүн мугалими  СССРдин самбо боюнча эмгек синирген машыктыруучусу  Эдуард Лиге жиберген. Ошол  мезгилден тартып  Айзада  ийгиликтин алгачкыларын жарата  баштаган.

Алгач эркин күрɵш менен машыгып, республикалык, эл аралык мелдештерге катыша баштаган. Кийинчирээк дзюдо менен машыгып, 2010-жылы чемпион аталган. Ошентип, Кыргызстандын  дзюдо боюнча 5 жолку чемпиону болгон. Бул убакыт аралыгында Корея, Орусия,Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт, Беларусия, Киев жана  Орто Азия ɵлкɵлɵрүндɵ  ɵткɵн мелдештерде  алдынкы орунду ээлеп, ɵлкɵнүн желегин желбиретип келет.  

Чемпионду тарбиялап ɵстүргɵн апасы Калича Бокоева , кызын кичинесинен эле жɵндɵмдүү, дилгир чечкиндүү болгонун белгилейт.                                Мектепте окуп жүргɵндɵ спортко кызыгуусу башталды.  Ошондо эле кийин, «Кыргызстадын желегин чон ареналарда кɵтɵртсɵм »-деп кыялданаар эле. Тилегине жетти. Бала кезинде тырышчак баштаган ишинен майнап чыкмайынча жаны жай алчуу эмес. Ушул сапатынан улам азыркы денгээлге жетти.

Ал эми машыктыруучусу  Эдуард Ли,  гезиттердин бирине берген маегинде « Айзаада алгач келгенде арык, кичинекей бирок тырышчаак кыз эле.  Башында  эркин күрɵш менен машыктык. Эл аралык мелдештерге чыкканда кɵп ийгилик жарата албадык. Тажырыйбасы аз болуп жатты.  Бир топ убакыттан кийин  дзюдого киришти. Бул тармактан ɵзүн таап, ɵлкɵ боюнча беш жолку чемпион болду. Эл аралык мелдештерге  катышып, байгелүү орундарды багынтты. Эркин күрɵштү таштабай чогуу алып кетти. Окуучумдун мен баалаган сапаты,  жети жылдан бери бир да жолу  машыгууга кечиккен жок. » -деп белгилеген.

Айзада Жаналиева 2009-жылы  спорт чебери наамына татыган. Үй -бүлɵдɵ 6 бир тууган.

Даярдаган:Айдай Джолчубекова