Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын жаңы конушуна электр мамычалары орнотулуп, аба чубалгылары тартылды. Ага жалпысынан 150 мин сомго жакын каражат сарпталып, 48 түтүн электр жарыгы менен камсыздалды.
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтү атайын жыйын уюштуруп, анда жасалып жаткан жумуштар боюнча элге маалымат таркатты. Айыл ɵкмɵт башчысы Замир Нурмамбетов сɵзүн жаны конушка берилген электр жарыгынан баштап, ишти аягына чыгарууга жалпысынан 150 мин сомго чукул каражат сарпталганын белгиледи. Ошондой эле жарык жеткирүү үчүн, айылга 6 электр мамычалары, 300 метр аба чубалгылары тартылган. Мындан сырткары Ибрагимов көчөсүнө Сокулук РЭС тарабынан 26 электр мамычалары орнотулуп, 1000 метр аралыкка аба чубалгылары тартылганын, натыйжада 48 түтүн электр жарыгы менен камсыз болгонун кошумчалады.
Жыйында Кызыл-Туу аймагына караштуу Табышалиев, Свечников жана Билал көчөлөрүн асфальт менен түздөө иштери жүргүзүлүп, узундугу 3000 метр жолу оңдолгону кабарланды..
Ал эми таза суу маселесин чечүүдɵ Кызыл-Туу айылынын Солнышко, Прогресс дачаларына атайын демɵɵрчүлɵрдүн жана элдин колдоосу менен таза суу түтүктөрүн орнотулуп жатканы айтылды.
Даярдаган: Шерматова Мадина