“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кооздукту айкалыштыра билүү флористин башкы жумушу

21 Февраль 2019 жыл 23:51
Көрүүлөрдүн саны: 128

 Гүлдѳр адамга  кубаныч  тартуулоонун эн сонун каражаты. Майрамдарды ансыз элестетүү мүмкүн эмес. Багбанчылык ѳнѳр заманбап тилде «Флористика»-деп аталып, кайсыл ѳлкѳ болбосун бул тармакта эмгектенүүгѳ кызыккандар арбыды.  Ушул кесипти тѳрт жылдан бери аркалап, Москванын ири гүл сатуучу дүкѳндѳрүнүн биринде иштеп жаткан  Кызыл-Туу айылынын тургуну Айпери Эрмекованын маеги.  

 Айпери бул тармакка кантип келип калдыныз?

Кесибим боюнча мугалиммин. Окуу жайды аяктап мектепте  иштеп жүргѳн кезде турмушка чыктым. Балалуу болгондон кийин шартка байланыштуу жолдошум менен  Санкт –Петербургка  келе бердик. Алгач ар кандай жумуштарда иштеп, бирок кѳнүлгѳ туура келбей койду. Кирген жумушту  эки  же үч күн кѳрүп кѳнүл калып жатты. Акыры   гүл сатуучу дүкѳнгѳ жумушка орноштум. Иш кызыктуу болгондуктан бат эле кѳнүп кеттим окшойт.  Башында флористтин жардамчысы болуп жүрүп, гүл жасалгалоонун түрлѳрүн үйрѳндүм.  Азыр дестенин баардык түрүн жасай алам.

Биринчи жолу кандай буйрутма алгансыз, эсиниздеби?

Ооба, Москвага келгенден кийин учурда иштеп жаткан гүл дүкѳнүнѳ орноштум. Ошол эле  күнү туулган күнгѳ деп  буйрутма беришти. Кардар кандай десте каалап жатканын айткан сон даярдап бердим.  Оюн түшүнгѳн окшойм рахматын айтып, гүлүн алып кеткен.

  Жѳнѳкѳй адам байкабаган гүлдѳрдүн кандай сырлары бар?

Гүл жасалгалоо сырттан караган адамга оной кѳрүнгѳнү менен жумушу оор. Флористер эртеден кечке чейин бутубузда туруп, кээде тамак ичкенге убакыт болбой калат. Ар бир гүлгѳ ѳзүнчѳ кам кѳрѳбүз. Аларды  бири-бири менен аралаштырып коюууга болбойт. Кандай кылып кесип, кандай сууга коюш керектигин билбесен соолутуп аласын. Айрым гүлдѳрдү атайын муздаткычтардын жардамы менен сактайбыз. Мен иштеген жерде гүлдүн 100дѳн ашуун түрү бар. Алардын кѳбү Голандиядан алынып келинет. Ал бизге жеткенче бир топ убакыт бою тангактарда жолдо жүрѳт. Келгенден кийин соолутуп албоо үчүн ар бирине кам  кѳрѳбүз.

Флористтин башкы милдети эмне деп билесиз?

Адамдарга кубаныч тартуулоо менен андан ырахат алуу. Анткени сен фантазиянды иштетип, берилүү менен жасаган композициян сѳзсүз кардарга жагат. Мына ушул нерседен ырахатансан болот. Биздин кесиптин башкы милдети, адамдардын табитин таба билип, кооздукту айкалыштырууда деп ойлойм.

Жамаатыныздарда канча киши эмгектенет?

 Жалпысынан 30га чукул кызматчы бар. Суроо талап чон болгондуктан дүкѳн менен эле чектелбейбиз. Иш чараларды, кафе-ресторандарды, офистерди кооздодон тарта, кѳнүлгѳ тѳп келген дестелерди кардарлар буйрутма кылган жерге жеткирип берүү менен алектенебиз.

Мугалимдик кесипке кайтып келүү оюнузда барбы?

Быйыл ɵз кесибимди улантсам деп ойлогом. Бирок жан дүйнɵм гүлдү тандады.  Гүл дүйнɵсүнɵ сүнгүп кеткен окшойм. Бул тармактан ɵзүмдү таптым. Эртен менен жумушка эмес, эс алууга бара жаткандай жакшы маанай менен келем.

Келечекке максаттарыныз кандай?

Буйруса Москванын бир жеринен ɵзүмдүн гүл бизнесимди баштасам деп кыялданып турам, ал күндɵр алыс эмес.

Белгилей кетсек, Айпери Эрмекова Жолдошу экɵɵ учурда бир уулду тарбиялап келишүүдɵ. Каарманыбыз бул кесипти тɵрт жылдан бери аркалап келет.

Даярдаган:Айсулуу Нурматова