Сокулук районуна караштуу Кызыл- Туу айыл аймагындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектептин мугалими Клара Эшимбекова 1983- жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. 36 жылдан ашуун балдарга ɵмүрүн арнаган каарманыбыз, алгачкы эмгек жолун борбордогу мектептердин биринен баштаган. Эмесе сɵз башынан болсун.
1964-жылы ак мектептин босогосун аттап, үлгүлүү окуучулардын катарын толуктаган Клара Эшимбекова 1974-жылы окууну артыкчылык менен аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз Улуттук Университетинин химия, факультетине тапшырган. Жогорку окуу жайын 1980-жылы аяктап, алгачкы эмгек жолун борбор калаадагы мектептердин биринен баштаган. 1993-жылдан бери Ысмайыл айылына караштуу Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектебинде билим берип келет. Ал, өз кесибин мыкты өздөштүрүү менен жаш муундарга татыктуу тарбия берүүдө окутуп эле чектелбей, коомдук иш чараларга активдүү катышып, жаш мугалимдерге насаатчы болуп, ɵз тажырыйбасын бɵлүшүп келет.
Билим берүүнүнүн отличниги болгон Клара Эшимбекованын окуучулары предметтик райондук, областтык олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырып келсе, уядан учкан балдары Кыргызстандын желегин желбиретип келишет. Алардын бири, дзюдо боюнча спорт чемпиону Нагира Сарбашева эжейи жɵнүндɵ мындай пикирин билдирди.
Клара эжем ак кɵнүл жана ар бирибизге ɵзүнчɵ, ɵзгɵчɵ мамиле кылуудан тажачуу эмес. Менин 1ден 11-клааска чейин жетекчим болду. 11 жыл ичинде тилдеген жок. Ар дайым акырын сүйлɵп түшүндүрɵт эле. Экинчи энебиз болуп калды. Окуучусу болгонума сыймыктанам.
Өз кесибинин мыкты устаты катары учурдагы мектеп мугалимдердин көйгөйлөрүн кɵтɵрүп келет. 36 жылдан бери талыкпай иштеген каарманды билим берүү тармагында үзүрлүү эмгеги менен таанылган мугалимдердин катарына кошсок болот. Клара Эшимбекованын эмгеги эске алынып, райондук, облустук Ардак грамоталар ыйгарылып, «Билим берүүнүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган.Учурда уул үйлɵп, кыз берип сүйүктүү тай энеге, камкор чон энеге айланган чагы.
Даярдаган: Назика Касмалиева