Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектептин окуучулары мугалимдер менен бирдикте Ата Мекенди коргоочулардын күнүнɵ карата иш-чара уюштурду. 
Майрамдык кече ɵлкɵнү сүйүүгɵ, патриоттук сезимди козгоого багытталган чакан концерт менен коштолду. Ал эми окуучулар арасында ар кандай оюндар уюштурулуп женүүчүлɵр аныкталды.
Иш-чарага окуучулар активдүү катышып, келген конокторго жана айыл тургундарына ɵз чеберчиликтери менен жасаган белектерин тартуулашты.
Белгилей кетсек, майрамдык кече «Эр жиги эл четинде, жоо бетинде »-деп аталып аны мектептин «Учкун » балдар уюму даярдашкан.
Даярдаган:Элдияр Бейшенбеков