“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Жаш мугалим жараткан ийгиликтер

5 Март 2019 жыл 16:04
Көрүүлөрдүн саны: 141

Мектепте эмгектенип баштагандан тарта өз ишин так аткарып, окуучуларды окутууда жаңы ыкмаларды колдонуп, өзүнүн иш тажрыйбасын бир эле мектеп ичинде эмес, районго чейин жайылтып келаткан Сокулук районунун Ысмайыл айылындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектебинин  кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Айдай Джолчубекованын жараткан ийгиликтери. 

Айдай Джолчубекова 1991-жылы   Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында төрөлгөн.  Класста үлгүлүү окуучулардын катарын толуктаган Айдай келечекте котормочу болсом деп кыялданган.  Мектепти артыкчылык отестаты менен аяктаган сон борбордогу Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин  2013-жылы бүтүргɵн. Турмуш жолуна аттангандан кийин,  Кызыл-Туу айыл аймагындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектебинде  мугалимдик кесипти аркалай баштаган.Жаш  мугалим жана журналист  аз убакыт арасында  жаш муундарды тарбиялоодо көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Аталган мектепте 2016 – жылдан бери эмгектенип, учурда директордун тарбия иштери боюнча орун басары жана окуучулардын сүймөнчүк эжеси. Мектепте иштеп баштагандан тарта өз ишин так аткарып, окуучуларды окутууда жаңы ыкмаларды колдонуп, өзүнүн иш тажрыйбасын бир эле мектеп ичинде эмес, район, облуска жайылтып келатат. Ал ар кандай окуу куралдарды колдонуу менен ачык сабактарды көп өтүп, өсүп келе жаткан жаштарга өрнөк. Аз убакыт аралыгында  билим берүүдөгү эмгек жолунда бай тажрыйба топтоп,  окуучулардын жүрөгүнөн түнөк тапты.  Ал окуу процессин мыкты уюштурууда, жаш муундарга  татыктуу таалим-тарбия берүүдө ар дайым көрсөткүчтүү алдыңкы усулдарды колдоно билет. Мектеп жамаатында иштин көзүн билген мыкты педагог, окутуучу катары бааланат. Ал көптөгөн жетишкендиктердин натыйжасында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын сыйлыктарына жана ыраазычылык каттарына ээ болуп келет.  Мектеп жетекчилиги кесипкөй, кайталангыс педагогикалык талантын жогору баалап,мыкты көрсөткүчтөргө жеткиргендиги үчүн жана күнүмдүк талыкпас эмгектен жаралган зор ийгилиги Кыргызстандын интеллектуалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келатканын белгилейт. Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштар менен тыгыз байланышта, ошондуктан жаш муунду тарбиялоодо мугалимдердин эмгеги өзгөчө сый-урматка татыктуу.  Айдай Джолчубекова   интеллектуалдык потенциалы бийик, таланттуу, ар тараптан өзүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган элеттик мугалим.

Даярдаган: Абдукарим Жүзүмкулов