Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто метептин окуучулары «Ак калпак» күнүн белгилешти.
Иш чара жылдагыдан айырмаланып шаңдуу, жандуу уюштурулган. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү майрамдын урматына окуучулар айыл ичинде жɵɵ жүрүш жасап, алдынан чыккан айыл элине куттуктоо сɵздɵрүн арнашты. 
Салтанат окуучулар тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолуп, майрамдын катышуучуларына жагымдуу маанай тартууланды.
2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жаткан бул майрамга карата, жыл сайын мектепте атайын иш чара өтɵт. 
Ал эми кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып, мурас катары калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары баало максатында демилге көтөргөн режиссер Рысбек Жабиров болгон.
Даярдаган: Үмɵталиев Максат