“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Нооруз майрамы

31 Март 2019 жыл 20:09
Көрүүлөрдүн саны: 300

Күн менен түн тогошкон Нооруз майрамын чыгыш элдери кылымдар бою белгилеп келет. Улуу Нооруз майрамын  Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын  тургундары жана меймандары өзгөчө шаң менен белгилешти. Элди айыл  өкмөт башчысы  Замир Нурманбетов  куттуктап, ынтымак, тынчтык жана өнүгүүнү каалады. Окуучулар тарабынан концерттик программа уюштурулуп, кыргыздын улуттук каада –салттары  кɵргɵзүлдү. Бабалардан калган байыркы майрамга келген  элдин жайдары маанайы иш чараны ого бетер көрккө бөлөдү. Улуу күндө аба ырайы да жаздын күнкүдөй жылуу, бейпил болду. Эл бирдигин ширетип Ноорузду өзгөчө шаң менен белгилегиси келгендерге Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектептин окуучулары тарабынан  театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды. Анда кыргыздын улуттук оюндары, каада салттары камтылган.

Салтанатта Салттуу билимди жайылтуу окуу борбору сүмөлөк жасоонун ыкмасын  көрсөтүп беришти.  Жогоруда  аталган мектептин мугалими  Динара Сарбашева  буларга токтолду.

Бизде жыл сайын Нооруз майрамы өзгөчө, шаңдуу өтөт. Быйыл театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, мугалимдер менен окуучулар улуттук кийим кийип, чакан концерттик программа коюшту. Умай эне аластап, Баба дыйкан, Кыдыр ата өздөрүнүн ырым-жырымдарын жасап, тилектерин айтышты. Бизде салттуу билимди жайылтуу боюнча окуу борбору ачылган. Алар Ноорузга карата окуучуларга сүмөлөктү кантип кайнатуу керектигин жана көжөнү кантип жасаш керектигин айтып, көрсөтүп беришти.«Аманат өмүр» коомдук фондунун жетекчиси Жанар Алгожоева өндүрүлгөн буудайын ала келип, кыздарга өз колу менен жасатып, практикалык сабак өттү. Алгач 7 токоч бышырып, куран окуп, ошол майга сүмөлөктү жасадык. Андан соң казанга дагы 7 нан жасап, балдардын баарына таратып, ага көжө астык.Эртеси жасалган сүмөлөктөн ооз тийип, келген коноктор көжөдөн жеп, даам сызып кетишти.   Кылымдардын тереңинен, тарыхтын түпкүрүнөн келген Нооруз майрамы учурдун ар кандай сыноосунан өтүп, көп жылдар бою тыюуга туш болгонуна карабастан, урпактарга унутулбай жетип, эгемендүүлүк менен кайра жаралган майрам катары кабылданып келет. Көктөм майрамына келгендер Нооруз менен кошо ар бир үйгө кут береке конуп, эл тынчтыгы менен ынтымагын тиленди. 

Нооруз элибиз сүйгөн эң байыркы майрам. Эзелтен келе жаткан салт боюнча жаңы жылдык дасторконго 7 түрлүү даам коюлган. Башкы тамак сүмөлөк. Майрамдык салтанатта ырыскыбыз чогуу болсун деген тилекте сүмөлөк таратылды. Миңдеген жылдар өтсө Нооруздун мааниси урпактан-урпакка өтүп, чыныгы элдик майрамга айланды.

Даярдаган:Айсулуу Нурматова