“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Апамдын колдоосу менен кыялдарым орундалып жатат

4 Апрель 2019 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны: 120

 Максатты иш жүзүнɵ ашыруу үчүн аны так  кое билүү зарыл. Бул жолу кыялдарын акырындык менен ишке ашырып, келечекке чон кадамдарын шилтеп бараткан  Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айлынын тургуну  Мээрим Атабекованын маегин жарыялайбыз. Каарманыбыз учурда, Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарындагы атактуу мейманканалардын биринде эмгектенип, алдына кɵптɵгɵн пландарын койгон.

 

Абу-Дабиге кандайча барып калдын?

 Студент кезимде эле коомдук иштерден калбайт элем. Кандай иш чара болбосун мен жүрбөгөн жер жок болчу.  Чет элдик  бир уюм менен көп иштедим. Ал жактан студенттерди дүйнөнүн 126 мамлекетине окууга, ишке жөнөтчүбүз. Ошондой борборлордун биринде билимдүү, таланттуу анан  активдүү студенттерди окууга, ишке жөнөтүшүп жатканын угуп,  маектешүүгɵ  бардым.  Эртеси ɵткɵнүмдү кабарлашты. Ошентип, келип калдым.

                 Тил жагынан кыйынчылыктар жаралган жокпу?

Окуучу кезде  биздин мектепке Америкадан ыктыярчылар келип, англис тилинен сабак өтүп калышты. Алар менен баарлашып жүрүп, англис тилин жакшы өздөштүрүп алдым. Студент кезде Кызыл Жарым Ай коому сыяктуу   уюмдар менен да иш алып барганым тилге чон пайдасын берди. Бул жакта кɵптɵгɵн мамлекеттин  жарандары болгондуктан англис тилинде  пикир алышабыз. Ошондуктан кыйынчылыктар  болбоду.  Башында тамактарына көнүп кетиш оор болду.  Анын басымдуу бөлүгү ачуу болгондуктан ɵзүбүздүн тамактар кɵздɵн  учту.

                    Келечекке максаттарын кандай?

Бала чагымдан бери саякаттасам деп кыялданчум.  Акырындык менен ишке ашып жатат. Ал эми келечекке максаттарым өтө көп. Анын баары орундалат  деп ишенем. Ар бир адам максат койгонду,  ага  умтулганды билсе, ал сɵзсүз ишке ашат. Бирок, ар бир кадам шилтегенинде колдоочун болсо абдан жакшы.  Мисалы , менин кыялдарым апамдын колдоосу менен ишке ашып жатат. Эми Европага кетип, ал жактан билим алсам  деп ойлонуп жатам.

Эмгек жамаатын  жана жумуш ордун жɵнүндɵ айтып берсен?

Азыркы тапта  Абу-Дабиде жашайм. Бийик  кабаттуу мейманканада эмгектенем. «Форсаж 4» тасмасы дал ушул имаратта тартылган. Айрымдар «74-кабаттын терезесинен төмөн жакты карап, башың тегеренбейби?» деп сурап калышат. Алгач коркуу сезим болгон. Бирок азыр андай эмес.  Жарым жылдан  бери бийиктикке көнүп калдым. Бул жерде ар  түрдүү кофе, коктейлдерди жасайм.Эмгек жамаатыбыз  элүүдөн ашуун улуттан куралган.

  Кандай кызыктуу жайларды кɵрдүн?

  Дубайдагы, Абу-Дабидеги жана башка шаарлардагы атактуу имараттар менен эс алуучу жайлар бир компанияга таандык. Сен ошолордун бир имаратында иштесең, башка имараттарына конокко барып, бекер эс алып кетсең болот. Бул мүмкүнчүлүк мени сүйүндүрдү. Дүйнөдөгү жападан жалгыз 7 жылдыздуу мейманкана Бурдж-эль-Арабга бардым. Аны көбү сыналгыдан көрүп жүрсө керек. Кемеге окшош. Ошондой эле өзүмдү суу алдындагы дүйнөдөн сынап көрдүм. Мага жакты. Менин жан дүйнөм суу алдындагы дүйнөгө жакын экен. Мындан бөлөк да көптөгөн жомоктогудай кызыктуу жерлерди көрдүм.

Мээрим Атабекова Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектепти аяктаган.

Даярдаган:Айсулуу Нурматова