“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кош Алиппе

22 Апрель 2019 жыл 19:15
Көрүүлөрдүн саны: 319

 Сокулук районуна караштуу  Гүлсина Капарова атындагы орто мектепте  «Кош Алиппе » майрамы белгиленди. Ага ата — энелер катышып, мугалимге ыраазычылык билдиришти.

Жогоруда аталган   орто мектепте  1- класстын «Кош Алиппе»  аттуу  кечеси  болуп  ɵттү.  Иш чара алгач класс жетекчи,  эл агартуунун отличниги  Гүлмира Токтосунованын каалоо тилектери менен башталды

Окуучулар  тамгалар  тууралуу ырларды,макал-лакаптарды, жанылтмачтарды, алиппе  тууралуу ырларды  ырдашты.

Кеченин  журушундо  окуучулар бир жыл бою  окуган «Алиппе» китебине  рахмат айтып, таланттарын кɵрсɵтүп  келген коноктордун кɵнүлүн алышты. Жыйынтыгында  ата-энелерге  сɵз берилип , мугалимге  ыраазычылык айтылды.

Даярдаган:  Ася Абдыкадырова