…Эрдик кылыш үчүн сөзсүз эле билекти түрүнүп, ач айкырык, куу сүрөөн көтөрүп, кыйкырып чыга калыш керек эмес экен. Бир ишти бүтүрүш үчүн сөзсүз эле бир партияга кирип, айыл-айылдан кол чогултуп депутат болуштун да зарылчылыгы жок. Өзүнүн үнүн элге жеткирүү үчүн сөзсүз эле Ак Үйдөгү трибунада кайкайып туруп сүйлөөнүн деле кереги жок…
Ток пейилдүү, көтөрүмдүү, кеменгер калың калкымдын кайнаган турмушун журналист катары кырк жылдан бери маалымат айдыңында чагылдырып жүрүп мен турмуштун ушундай чындыгына биротоло ынанып бүткөм. Мына ошондуктан, көбүн эсе жаза турган каарманымды аткаминерлерден эмес, карапайым турмушун өтөп жүргөндөрдүн катарынан издегенди да адат кылып алгам…
Кезектеги маектешим – 52 жаштагы кыргыз айымы Жанар Алгожоева. Балдардын мээримдүү энеси, чоң энеси, күйүмдүү жар. Кадимки тирилигин өткөзүү менен бирге, анын аздап болсо жүргүзүп жаткан иштерине саресеп салып отуруп, бир эсе ыраазы болосуң, бир эсе суктанып да кетесиң. Мына ушундай адамдар бар үчүн кыргыз каада-салты уланып, ар бир нерсени аздектей билүү менен бирге улут уңгусу сакталып келе жатканына көзүң жетет.
-Жанар айым, Сизди калкайып жаткан Ала-Тообуздун дары чөптөрүнүн сырын, дарылыгын билген чөпчү адам катары билгендер арбын. Мезгилдин өтүшү менен көп нерселер өзгөрөт… Артыбыздан келе жаткан жаш муундар биз сыяктуу ата-бабабыздын бай мурасын андан ары улантып кете алышына ишенүүгө болобу?
-Бул – талаш-тартыштуу суроо. Мунун баары биздин өзүбүздүн жасап жаткан ишибизге байланыштуу болот. Жаш муундарга биз туура жол көрсөтө алдыкпы? “Мына булар ата-бабабыздан келе жаткан аздек буюм, санжыргалуу салт, аялуу адат…”-деп жол көрсөтө алдыкпы! Мени ушундай жагдайлар көп түйшөлтөт. Андыктан, өзүм биротоло кесип кылып алган чөпчүлүк өнөр менен катар, жаш муундар менен иштешүүнү да колго алууну чечкем. Буга – “Көнөк” жамааттык медиа борбору далилге келет.
“Көнөк” жамааттык медиа борбору 2014-жылы уюшулган. Туруктуу өнүгүү стратегия институту коомдук фонду (ИСУР) ачып берип, каржылаган. Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы мектепке ачканбыз. Ачуунун себеби, айылдагы жаңылыктарды жайылтуу, көбүнчө экология темалары, биомаданий ар түрдүүлүк, салттуу билим, кыргыздын жоголуп бараткан ырым-жырым, каада-салттары.
Биз көбүнчө салттуу билимди алып жүрүүчүлөр менен иштейбиз. Илгерки ата-бабаларыбыздын салттарын, ырым-жырымдарды билген адамдар арабыздан кетип, катары улам суюлуп бара жатат. Алардын билген-көргөн нерселерин жаш муундар билбей калып жатышат. Андыктан, жаш муундарга алардын үлгүсүн үйрөтүп калуу, жазып калуу үчүн аракеттениш керек деп ойлойм. “Көнөк” жамааттык медиа борборуна көбүнчө ыктыярчылар (волонтерлор) келип иштешет, акча алышпайт, айлык алышпайт. Жети жаштагы окуучулардан тартып, айылыбыздын жетимиш жашка чейинки адамдары биздин медиа борборубузга катышат. Аты эле айтып тургандай – жамаатка, элге таандык мультимедиа борбору да.
— Медиа борбордун атын “Көнөк” деп койгонуңуздардын себеби неде? Көнөк дегенди кандайча түшүнсө болот?
-Көнөк – кыргыздын баатыры. Ошол баатыр бабабыздын атын койгонбуз.Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында өзүнчө бир чоң Көнөк деген капчыгай бар, андан ары Көнөк жайлоосу, Көнөк суусу, кокту бар. Айыл аксакалдары айтып калышат: Илгери сырттан келген душмандарды ушул капчыгайдын ичинде Көнөк баатыр тосуп алып, айылды, элди, журтту коргоп турган деп. Ошондон кийин бул жер – Көнөк капчыгайы деп аталып калыптыр. Азыркы жаш муундарга ата-бабабыздын эрдигин, атын унутпай сактасын деп айылыбыздан чыккан баатыр Көнөк абабыздын аты менен жамааттык мультимедиа борборузду атап алганбыз. (Окурмандарыбызга түшүнүктүү болуш үчүн Көнөк баатыр тууралу мына бул маалыматты бере кетели: Саруудан чыккан Көнөк баатырдын шоораты 17-кылымда жаңырган экен…).
-Медиа борборундагы иштер кандайча жүргүзүлөт?
-Окуучулар өздөрү интервью алып, өздөрү жазышат. Бизде, Бишкекте Жамааттык массалык маалымат каражаттары Ассоциациясы бар, ошого мүчө болуп киргенбиз. Алар бизге тренерлерди бир жылда бир–эки ирет жөнөтүп турушат. Алар окуучуларга онлайн журналистика деген эмне? Кантип интервью алыш керек? Кантип өзүн тааныштырыш керек? Жаңылык деген эмне? Макала деген эмне? Сүрөткө кантип тартыш керек? Видео-аудио запистерди да жазууну – ушулардын баарын окутуп келишет.
Кезеги келгенде, бул окуулар окуучуларга кандай таасирин тийгизип жатканын да айта кетейин. Орозбекова Аяна деген 7-класстын окуучусунун апасы: Кызым мурун өз оюн айта алчу эмес, түнт болчу. А азыр болсо, тескерисинче ачык-айрым тартып, кишини кеп-сөзгө тартканды үйрөндү,- дейт. Анан, бир жылда бир – жакшы окуган, активдүү окуучуларды тандап алышып, алар үчүн жайкы лагерь уюштурушат. Мисалы, Ысык-Көлгө жайкы лагерге бизден үч жылдан бери окуучуларыбыз барып эс алып келишти.
-Ошондо, айылдагы жаңылыктарды чыгарып турасыздар да ээ, сайтта?
-Сайтта жалаң эле айылдын жаңылыктары эмес, дары чөптөр жөнүндө, рецепттер, легендалар, айланабыздагы нерселердин тарыхтары, кантип аталып калгандары, көчмөн ашкана тууралу, салттуу билим, экология, кыргыздын маданияты жана башка тууралу кенен-чонон баяндап беребиз.
-Дагы бир цех иштетип жатканыңыздар жөнүндө кабардар болгонбуз…
-Ооба, ушул эле Кызыл-Туу айылында цехибиз бар. Бул ишкананы дагы бир долбоор менен ачканбыз. 2017-2018-жылы Айыл өнүктүрүү фондуна “Жер байлыгы – эл байлыгы” деген долбоор жазып, аны иштетүү үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жумушчуларды алганбыз. Бүгүнкү күндө цех иштеп жатат. Учурда “Көчмөндөр чайы” деген чайды чыгарып жатабыз. Мында беш түр чөп бар: сары чай (зверобой), мелисса (), жалбыз, көкө мерен (чабрец), иван чай, ушул беш түрдүү чөптү кошуп даярдайбыз. Көчмөндөр чайы, бул – биздин ата-бабаларыбыз ичкен чай. Аны чай катары демдеп ичсе да болот, анан бул чайга сүт кошуп да ичишкен экен бабалар. Бул чай өттү, боорду тазалайт, нервди тынчтандырат, ашказан-ичеги ооруларына, адамдагы зат алмашууларга да жакшы жардам берет.
-Аталган чайды сатыкка чыгардыңыздарбы?
-Бул чайды ордо шаарыбызда ачылган “Айыл азыгы” деген дүкөндөн алса болот.
-Чайды чыгарууда, атайын билимдүү адистер катыштыбы?-деген суроо өзүнөн-өзү жаралат экен.
-Дал ушундай чайды илгери ата-бабаларыбыз ичип жүрүшкөн да. Мунун рецебин аксакалдардан сурап, китептерден окуп, адистиги бар адамдар менен акылдашып, адамдардын ден соолугуна зыяны бар-жок экенин, кандай пайдасы бар экенин терең териштирип туруп, анан чыгарып жатабыз да. Антип миң электен өткөрбөсөк болчубу.
Мындан тышкары жаздыктарды да чыгарып жатабыз. Жаш балдарга өзүнчө, аялдарга өзүнчө, эркектерге өзүнчө, кары адамдарга өзүнчө.
-А кандай жаздыктар?
-Кадимки эле жаздык – болгону, ичине дары чөптөр салынат. Дары чөптөрдүн уйкуга, тынчтандырууга таасири күч. Анана да, ашканага илип койчу чөптөрдү чыгарабыз, алар ашканадагы жаман жыттарды тартып алат, ошондой эле машинага илип койчу баштыктарды чыгарабыз. Булардын баары экологиялык жактан таза, адамга зыяны жок,ал эми дарычылыгы жактан таасирдүү чөптөр.
Дары чөптөрдү Кыргызстандын бардык аймагынан, тоолу райондорунан, көбүнчө Суусамыр өрөөнүнөн терип келебиз.
-Мектептеги этно-бакчаңар тууралу да айтка кетсеңер…
-Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылбаева атындагы мектепте этно-бакча уюштурганбыз, чакан, эки сотыхча келген жер.. Бул жерге дары чөптөрдү тоодон алып келип отургузабыз. Окуучулар өздөрү казып алып келишет, уругун себишет, анан өздөрү карап атышат.
-Бакчадагы чөп менен тоодо өскөн чөптүн айырмасы бар да.
-Албетте, тоодогу өскөн чөптөр күчтүү болот. Бирок, биз бул чөптөрдү дарычылыкка эмес, таанып билүү үчүн колдонобуз да. Бул чөптөр каякта өсөт, аны кантип, эмнеге колдонуу керек?- деген суроолорго жооп издеп,этно-бакчаны окуу аянтчасы катары пайдаланабыз да. Ар бир чөптөн аз-аздан эле отургузулган, аны окуучулар өз көздөрү менен көрүп, колдору менен кармап көрүшөт, таанышат. Учурда кырк түрлүү дары чөптөр бар.
-Бир эле ушул мектеп менен иштешесизби?
-Учурда Сокулук районундагы башка мектептерге да чакырып жатышат. Алар: “Кызыл-Туу айылындагы мектепке жакшы жаңылыктарды алып келип жатасыңар, биздин мектептерге да ушундай этно-бакчалар керек” дешип жатат. Учурда жашылдандыруу боюнча эки мектеп менен макулдашылды. Кызыл-Туу айылынын эле Новое деген айылындагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектеп эрте жазда дары чөптөрдү отургузуп бербейсизби деп чакырды. Анан, Жал айылындагы Мамыралиев атындагы мектеп менен да иштешели деп жатабыз. Жаз башталса эле ушундай иштерди баштайбыз го.
-“Иштешели деп жатабыз” дедиңиз, ошондо кимдер менен чогуу иштешесиздер?
-“Аманат-өмүр” коомдук фонду менен мектеп келишим түзүп туруп, анан дары чөптөрдү отургузуп беребиз. Окуучуларга үйрөтүү керек, кийинки жаштар дары
чөптөрдү жакшы билишпейт, таанышпайт. Быйыл апрель айында Кызыл-Туу айылында дары чөптөр кошулган тамак-ашты жасаганды көрсөтөлү деп жатабыз. Илгери апаларыбыз, чоң апаларыбыз, таенелерибиз чөптүн жалбырагы жаңы чыкканда эле тамак-ашка колдонуп келишкенин билбегендер көп. Эрте жазда, бир-эки жалбырак чыкканда эле тамакка кошула турган дары чөптүн бизде он түрү бар. Май айында кеч болуп калат экен, апрель айында жаңы чыгып келе жаткан жалбырактарды алып, быйыл жаштарды чакырып көрсөтөлү, үйрөтөлү деп жатабыз.
Себеби, кыргыздын көчмөн ашканасын көп жаштар билбейт. Мисалга өзүмдүн эле 18деги уулумду алайын. Жаңы жылдын алдында үйдө бозо жасап калдык. Ошондо уулум: “Апа, башынан аягына чейин көргөзүп берсеңиз, эмне салынат, эмне кошулат?-деп кызыгып сурады. Мен да ойлонуп калдым. Көчмөн ашкананы азыркы бир эле менин балам эмес, көпчүлүк жаштар билбейт да деп. Жаздан баштап, айылга боз үй тигип алып, жаштарды чакырып көрсөтсөмбү деген ой пайда болду. Шаардык жаштарды ишемби-жекшемби күндөрү чакыргым келет. Кызыл-Туу айылына Бишкектен 18-автобус байма-бай каттап турат эмеспи. Анан, нандын кантип жасаларын да көрсөтөм. Алсак, каттаманын эле он түрүн жасоого болот экен. Бир күнү бозо салганды көрсөтсөм, бир күнү каттама жасаганды үйрөтөм.
Бозо салганда, талканды башынан аягына чейин көрсөтүш керек: буудайды кууруп, сокбилекке күүшөп, аны таш жаргылчакка тартып, анан кантип максым болот, кантип жарма болот…ошонун баарын көрсөөтөм. Баары ичип эле жүрүшөт, бирок кантип жасалганын, айырмасын билишпейт да. Мына ушундай жаңы ойлор пайда болуп атат…
…Жанар айым менен дагы көпкө аңгемелештик. Каада-салт, тамак-аштын түрлөрү, журналистика, адамдардын ден соолугу, айлана-чөйрөнүн адамдарга таасири… деги койчу, адам жашоосуна керектүү нерселер четте калбады окшойт. Өзүнүн айланасына бир мектептин окуучуларын топтоп, бир ууч жаштарга “Дени сак улут – келечектүү жана түптүү мамлекет болот” деген өзөктүү акылды сиңирип жатканына кантип “Бали!” дебейсиң! Жанар айымдын окуучуларга өткөн бир сабагы – өзүн жарнамалап кыйкырган жүз аткаминердин кургак сөзүнөн миң эсе өйдө экенин өзүң баамдап отурган чыгарсың, окурман.
Нурбүбү БӨДӨШОВА