“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Сыйлык сизге сыймык бизге

24 Апрель 2019 жыл 13:07
Көрүүлөрдүн саны: 219

Билим берүү жана илим министирлигинин Сокулук райондук билим берүү бɵлүмү аталган райондо   «Жылдын мыкты мугалими — 2019» кароо-сынагын  өткөрдү.  Ага  беш мугалим  жана эки бала бакчанын тарбиячылары катышты.

Кароо-сынакка катышкан  мугалимдер  өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, чыгармачылык портфолио, эссе жазуу, сабак өтүү шарттары боюнча таймашып, предметтик тесттик тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында баш байгени  Сокулук районуна караштуу №2 мектептин мугалими Элиза Каратаева ээлесе, 1-орунду Жамгырчинова мектебинин мугалими  Жазира Сыдыкова багындырды. Ал эми  2-орунду Кызыл –Туу айылынын Сааадаш Абдылдаева атындагы орто мектептин мугалими  Жылдыз Жайнакова алды. Андан сынак боюнча пикирин сураганыбызда буларга токтолду.

   Мен биринчи жолу мындай сынакка информатика сабагы боюнча  катыштым. Абдан кызыктуу болду. Жакшы сезимдерди пайда кылды. Мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу чон болду десем жанылышпайм.  Калыстар тобуна ыраазычылык билдирем. Баш байгени жаш мугалимге ыйгарышканы туура чечим болду. Аларды  мектепке тартууда бул жакшы ыкма деп ойлойм. Жаштарга мындай сыйлыктар стимул болот. ѳзүм жѳнүндѳ айта турган болсом жыйырма жылдан бери Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектепте математика жана информатика сабагынан билим берип келем.    

Калган катышуучуларга атайын номинациялар боюнча белектер ыйгарылды. Жеңүүчүлөрдү райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдɵрү  куттукташып, иштерине ийгиликтерди каалашты. Алар  райондук билим берүү бөлүмүнүн диплом жана ардак грамоталарына ээ болушуп, кесиптик бирликтин райондук комитетинин кызыктуу байгелерине арзышты.

 Даярдаган: Айсулуу Нурматова